"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада купка салууну пландаштырууда

28 Апрель 2016 жыл 4:03
Көрүүлөрдүн саны: 103

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында купка салуу боюнча проект өткөзүүдө. Мурда айыл тургундар купка жоктугуна байланыштуу коңшу айылдарга барып күпкага кой жандыгын салып көп оорулардан арылтышчуу.
фото1908
Азыркы учурда айыл тургундары мал жандыктары менен алек болгондуктан мал жандыктары көп. Ал эми мал жандыктар көбөйгөн сайын ар кандай оорулар пайда болууда. Ошол себепте кой жандыгы үчүн купка салуу пландаштырууда.
26042016099
Тасма айылынын жайыт комитетинин башчысы Жалил Абдышов билдирүүсүндө азыркы учуда купка салуунун үстүндөгү проекттер менен иштен жатабыз. Азыр купка салууда негизги маселе суу болуп жатат. Биз анын үстүндө дагы проекттер менен иштеп жатабыз деп билдирди.

“Купка салуу үчүн проекттер менен иштеп, азыр бир проектти өттү биз купка салууну баштайбыз жакын арада. Андан соң биз мал жандыктарын өлгөндөн кийин да бир жерге ыргытыш үчүн да иштеп жатабыз” деп билдирди Абдышов
фото1902
Ал эми айыл тургуну Айдарбек Койчуманов купка салынуусу айыл тургундары үчүн жакшы шарт экенин билдирди. Мурда купка жоктугуна байланыштуу коңшу айылдар барып келүүчүбүз.Азыр болсо купка салынат деп жатышат негизинде купка салынса жакшы болмок деп билдирет.

«Негизинде купка салынса жакшы болот. Биз айыл тургундары купка жоктугуна байланыштуу коңшу Долон айылына барып келебиз. Жолдо көптөгөн кыййынчылыктар болот2 деп билдирет айыл тургуну Койчуманов

Даярдаган:Айдана Саякова
«Сынак үчүн»Н.С