"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: А.Сопиев мектебинин мугалими ыр жазуу менен алек болуп келет

30 Апрель 2016 жыл 14:55
Көрүүлөрдүн саны: 137

Түп районунунун Тасма айылындагы А.Сопиев мектебиндеги немец-тил сабагынын мугалими Айзада Кадырова өзүнүн бош убактысында ыр жазгысы келген учурда ыр жазат.Ал ыр жазууда көбүнчө тынч жерге олтуруп алып жаратылыштын болгон кооздугун сүрөттөп жазууну жактырат .

?

?


Кадырованын айтымында мектепте окуп жүргөн кезде бир нече ыр жазган,жана алардын катарын ата-энесине арнап чыгарган ырлары толуктайт. Өзүнүн чыгарган ырлары туурасында Айзада Кадырова төмөнкүлөргө токтолду:
“Мен 9-классыман баштап ыр жазып келем ыр жазууда мага кыйынчылыктар деле болбойт,болгону жазып жаткан ырларыма өтө кылдаттык менен көңүл бөлүп ,маанисин мазмунун байланыштыруу үчүн аракет кылам.Мен алгачкы чыгармамды “Энеме”арнап чыгаргам”.деди Кадырова:

?

?


Эжесинин ырын окуп көргөн сиңдиси Бурул Кадырова анын талантуулугун билдим деген оюн айтат:
“Эжемдин алгач ата-энеме арнап чыгарган ырын угуп абдан жактырып бир чети толкунданып жаттым,андан соң эжем “Бир тууганыма”деген ырын мага окуп берди бул үчүн мен абдан кубанып жаттым”.дейт
Менин кызым ыр жазганда ар дайым ырын мага окуп берчү,мен ага өзүмдүн оюмду айтчумун, ал мага жазган ырлары жөнүндө өз оюн билдирип турчу.Кызымдын жазган ырларын окуган сайын ар дайым кубанам дейт мамасы Гүлмира Макешева:

?

?


“Мен кызымдын “Ата-энеме”,”эжейиме” деген ырларын уккам кызым ыр жазууда күнүмдүк турмуштан да алып жазчу.Кызымдын айтуусунда жазган ырлары адамдардын жүрөгүнөн орун алып жакшы чыгармалардын бири катарында бааланышын каалайт”.

Даярдаган:Ширин Акунова “Сынак үчүн”АА