"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жергиликтүү бийлик көчөлөргө жарык кою маселесине кандай карайт?

14 Май 2016 жыл 22:21
Көрүүлөрдүн саны: 120

 

Тасма айылында жалпысынан төрт көчө бар,ал көчөлөргө жарык кою маселеси көйгөйлүү маселелердин бири  экенин билдирет айыл тургундары. Айылдагы Абдыкерим көчөсүнө жарык орнотулуп азыркы күндө алар иштебей жататканын айтышат тургундар.

20160504_134922

Бул маселеле туурасында Карасаев айыл өкмөтүнүн  башчысы Кайыков Курманбек төмөнкүлөрдү айтат:

Көчөгө жарык кою маселесин кантип чечсе болот?

—  Көчөгө жарык кою боюнча бизде 2012-жылы Абдыкерим көчөсүнө, Чоң- Тогузбай айылынын бир көчөсүнө  коюлган.Кийинки жылдарда жарык орнотуу планда жок ,себеби өз каражатыбыздын жумшалган үчүн бюджеттеги акча жолдорду оңдоого жумшалса анан кийинкиде жарык берүүнү көзөмөлгө алабыз.

Ушул убакка чейин бул маселе талкууланганбы?

-Талкууланган.Биз азыр 300миң тегерегиндеги акча каражатын пайдаланып жогоруда айтылган эки көчөгө жарык коюлган.Өзүбүздөн түшө турган каражаттар аз болгондуктан эң биринчи чечилбей келе жаткан маселе жол деп белгилеп ошол маселени акырындап чечип келүүдөбүз.

Эгерде көчөгө жарык орнотуу планда болсо канча убакытта орнотулуп бүтөт?

-Бул эми 2018-19 жылдары деп пландап жатабыз.Быйылкы жылдагы 198миң акча каражатын Сопиев мектебинин эшик терезелерин алмаштыруу үчүн долбоор утканбыз чогулган акчаны мектепке жумшасак,андан кийин жарык койдуруу маселесине өтөбүз.

Тасма айылынын борбордук көчөсүнө жарыктар орнотулган эле бирок эмне себептен алар иштебейт?

20160504_134940

-Бизге лимит жетишсиз болуп жатат себеби мектеп былтыркы жылы ченөөсүнөн көбүрөөк пайдаланып коюшкан.Эгер жарыктарды орнотобуз десек мектепти же айыл өкмөттүн кеңсесин өчүрүү керек.Эмики жылы буюрса көбүрөок лимит сатып алып ошол жакты карап күйгүссөк болот.

Жарыктарды койдуруу үчүн ким демөөрчү боло алат?

-Бул маселени жергиликтүү бийлик колго алыш керек азырынча демөөрчү жок.Жарык маселесин чечүү да көп акчаны талап кылат бул үчүн грант менен жазууга мүмкүн эмес жергиликтүү бийлик гана бюджеттен чечсе болот.Биз мисаалы мектептерге кетирип жаткан каражатты жарык үчүн жумаса деле болот,бирок биринчи балдардын ден соолугун ойлош керек да.

 

Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Даярдаган:Нурайым Асанакунова “Сынакка” АА.