Тасма айылынын тургуну Лиза Кыдырбаева бозо жасап айыл тургундарына сатууда.Лиза айымдын айтымында ата-энелер балдарынын табитине жараша буйрутма менен бозо жасатарын билдирди.
Бозо жасаганыма бир ай болду бозонун пайдалуу жактары өтө көп болгондуктан бозо
жасап чыгаруудамын дейт Лиза Кыдырбаева:
“Бозону сатууда көп кардарлар келүүдө кээ бир кардарлар сыранын ордуна бозо алып ичсе жакшы экен деп алууда .Айылда кош бойлуу келиндерге кайын энелери кан болсун , деп бозо алып берүшүүдө.Бозону жасоодогу кыйынчылыктарды бозо жасаган адам гана билет” дейт Лиза Кыдырбаева.
Лиза айымдан кардар катарында боза сатып алып турган айыл тургуну Гулнар эже жасаган бозонун даамы абдан татуу балдарга ылайыкталып жасалган дейт:
“Мага бул бозонун даамы абдан жакты себеби ичкиликтүү экен да,буга чейин кан болсун деп эки,үч жолу сатып алып жаттык.Даамы жаккандыктан ден-соолукка пайдалуулугуна карап алып жатабыз.Чындыгында бозо жасоонун да кыйынчылыктары бар,ага карабастан Лизанын жасаганы деле жакшы болуп жатат да элдер да сатып алып жатат өзүда акча кылып алат”деген оюн билдирип өттү айыл тургуну.
Айыл тургуну Назира Өмүрзакова кан басымыбыз жогоруласын деп балдарга бозо алып берип жаттык деген ою менен бөлүштү:
“Бозонун көп пайдалуу жактары бар эмеспи ошол үчүн мен үй-бүлөөбүзгө Лиза жеңемен бозо алып келип турам.Балдарга кан болот мындай бозосу да өтө ачуу эмес, даамдуу экен да ошол себептен сатып алып турам баасы да канагаттандыраарлык” деди Өмүрзакова.
Даярдаган:Алина Амантурова “Сынак үчүн”АА