"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тема: Тамекинин зыяндуу жактары жөнүндө тарбиялык саат болуп өттү

22 Май 2016 жыл 18:25
Көрүүлөрдүн саны: 114

Тасма айылындагы А.Сопиев мектебинде 7а классынын күчү менен  даярдалган тарбиялык саат  өттү.Сабактын максаты чылымдын ар кандай зыяндуу жактары бар экенин түшүндүрүү эле.

?

?

Окуучулрды даярдаган класс жетекчиси Венера Жаманакова азыр балдар тамекинин зыяндуу жактарын көп биле беришпейт бул тарбиялык саат таасир калтырды деп ойлойм деген оюн билдирет:

“Бул тарбиялык саатыбызды койгонубуздун себеби балдарга зыяндуу адаттардын бири тамекинин кандай жаман жактары бар экенин түшүндүрүү эле.Тарбиялык саата окуучулар тамекинин зыяндуу жактарын чагылдырып,өздөрү да бул боюнча изденишип көп маалымат ала алышты”.

?

?

Биздин кичине болсо да берген маалыматыбыз кээбир окуучуга таасир калтырып,  алар зыяндуу заттардан алыс болот деген үмүтүбүз бар деп билдирет  аталган мектептин мугалими.

?

?

Мектеп окуучусу Каныбек Ишенбеков элдер тамеки жана башка зыяндуу заттардан алыс болуусун каалайм себеби зыяндуу жактары көп дейт:

“Тамеки уу» деген теманы тандап  алганыбыздын себеби элдерди чылым чегүүдөн бир аз болсо да алыстатуу эле.Окуучулар тамеки жөнүндө өздөрүнө жакшы маалымат алышты деп ойлойм.Тамеки чегишпесе ден-соолугу чың болуп,өпкөсү да таза болот”. деди мектеп окуучусу Каныбек

Даярдаган:Сауле Асанакунова “Сынакка”АА.