"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тема:Тасмада жол маселеси качан чечилет?

22 Май 2016 жыл 22:14
Көрүүлөрдүн саны: 97

Түп районундагы Тасма айылында  жалпысынан төрт көчө бар.Айылдагы ички көчөлөр оңдолбой маселе жаратып жаткандыгын билдирет айыл тургундары. Бирок бул маселени чечүүнү жергиликтүү бийлик колго алып акыркы үч жылдан бери жолдорду оңдоп келе жаткандыгын билдирди.

20160504_124001-1

Калган оңдоло элек жолдорду оңдоо качан ишке ашып,канча убакытта оңдолуп бүтөт деген суроонун негизинде Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыковко кайрылдык?

Тасма айылындагы жолдор акыркы жолу качан оңдолгон?

-Жолдор жыл сайын эле оңдолуп келе жатат, биз оңдой элек көчө Абдыкерим,Муратбек,жана Тынтай көчөсүнүн жарымы калды.Калган төрт көчө оңдолгон, оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча бөлгөнбүз.

Жолдор тарыхында канча жолу оңдолгон?

-Жыл сайын 2 киллометрден оңдолот.Быйылкы жылы оңдоо планында  Абдыкерим көчөсү турат.

Тасма айылынын кире беришиндеги жолду оңдоо планда барбы ?

?

?

-Ал жол биздин кармагыбызда эмес,райондон акча бөлүнүп оңдолушу керек.

Жолдорду оңдоо үчүн канча каражат керек болот?

-Быйыл эми мамлекеттик сатып алууга киргизип атабыз,1 километржерди  оңдош үчүн 220 миңдин тегерегинднги акча кетет.

Жолдор оңдоо үчүн жалпысынан канча убакыт керек болот?

-Бул маселени чечүү элдерден болуп жатат, налок берсе эле көчөлөрдү оңдоону дароо баштайбыз.Эгер керектүү акча чогулса май-июнь айы баштайбыз,да Токтоян айылындагы жолдорду да оңдотобуз.

Маегиңизге чоң рахмат!

Даярдаган:Сауле Асанакунова “Сынакка”АА.