"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбай айылында баскетбол боюнча мелдеште Тасма курамасы биринчи болду

23 Май 2016 жыл 11:52
Көрүүлөрдүн саны: 64

DSC02083

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын “Тогузбай ата” атындагы спорт сарайында Ата-Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата баскетбол оюну болуп өттү. Бул оюнда беш команда катышып, анда Тасма айылынын курама командасы алдыңкы орунга ээ болду.

Тасма айылынын дене тарбиядан берген мугалими Эркинбек Көчөрбаев уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтып, баардык командалар жакшы аракет менен катышкандыктарын билдирди.

DSC02051

“Кыздардын эки курама командасы чыкты. Алардын ичинен  эң жакшы оюн көргөзгөн команда Тасма айылынын командасы болду. Кыздардын командасынан Айжаркын Асылбек кызы эң жакшы натыйжа көрсөттү жана көп упай алды”, — деп билдирди Көчөрбаев.

Тогузбай айылынын тургуну Нурлан Социаловдун айтымында, Тасма курамасы башкы орунду татыктуу алган.

“Биз таңгалып четен карап турдук, оюнчулар өтө  жакшы мелдеш  өткөрдү. Агайлары жакшы машыктырганы билинип турду”, — деп билдирди Социалов.

Тасма айылынын баскетбол камандасынын  мүчөсү Чынтурсун Турдуматов мелдештин жогорку  деңгээлде өттү деген сөздөн алысмын дейт.

DSC02060

“Мен бизди машыктырган агайларга рахматымды айтат элем. Эмне деген эмгек менен бизди машыктырды. Жасаган ишинин акыбети кайтып райондон 2-3-орундарды ээлеп келебиз”, — деп билдирди Турдуматов.

Даярдаган: Салават Жангабылов

Редактор: Айгерим Кубатбекова

Сынак үчүн