"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбай айылынын айдоо-себүү иштери аяктады

23 Май 2016 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны: 102

DSC01960

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын айдоо-себүү иштери аягына чыгууда. Себүү иштеринде картошканын бир канча сорттору, арпа, буудай, беде себилип, кээ бир элдер мышык чөп айдады.

Айыл тургуну Эмил Туганбаевдин айтымында, тракторлор эрте айдоого чыккан. Айдоодо үч трактор иштесе, а селкада болсо эки трактор иштеген.

 

“Тракторлор иши жакшы журуп атат. Эрте айдалып, эгинибиз себилип, кудайга шүгүр, азыр жаанчыл. Биз айдого 800 сом төлөйбүз, а себүүгө 300 сом. Айдоо үчүн 25 литр күйүүчү май кетсе, себүүгө 10 литр куябыз”, — деп билдирди Туганбаев.

Айылдын трактористи Замирбек Тентиев былтыр үрөндүн көбү чүрүш болгондуктан көп жерлер себилбей калды деп айтып өттү.

“Быйыл жыл жаанчыл болот деп ойлойм. Жаан май айынын аягында жаап берсе сонун болот эле. Эгин ошону менен жанданып алат эле”, — деп билдирди Тентиев.

Айылдын селка айдаган трактористи Догдурбек Дакеновдун айтымында, былтыркыдан 30- 40 пайыз жер калып калган. Азыр үрөөн аз, ошондуктан көп элдер эгин себе алган жок дейт ал.

“Телевизордон элге маламат бергенине караганда, жыл ысык болот. Ошондуктан көп кишилер эгин сеппей калышты.Быйыл 40-50 гектар жер септим. Негизи биз 100-200 гектар жер себишибиз керек”, — деп билдирди Дакенов.

Даярдаган: Салават Жангабылов

Сынак үчүн