"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмадагы ФАО уюмунун өсүмдүктөрү менен чет өлкөлүк өкүлдөр таанышты

23 Май 2016 жыл 11:29
Көрүүлөрдүн саны: 87

20160505_180616

Тасмада ФАО “жакырчылыкты жоюу” долбоорунун алкагында жаңы өсүмдүктөрдү өстүрүп  жаткан жумушчулар менен чет өлкөдөн келген атайын жарандар таанышууда. Аталган уюмда 36 аялдан турган жумушчулар швейцариядан келген үрөндөрдү алгач күнөсканаларда өстүрүп, андан соң , талааларга кеңейтишүүдө.  Бул уюмга чет өлкөлүктөр келип колдоп, андан ары өнүктүрүүгө жардам беришээрин билдиришүүдө.

?

?

Бүгүн Чилиден келген  атайын өкүл Жан Пьер Поза айылдагы жашоо турмуш оор экендигин, ошентсе да аябай жакшы иштеп жатышкандыктарын билдирип өттү.

“мындай караганда Кыргызстанда иштегенге мүмкүнчүлүк бар экен, эң негизгиси  эл бар. Ошондуктан иштегиле ошондо максатыңарга жетесиңер. Жалгыздан эмес, бир корпоратив түзүп, ошону менен чогуу иштесеңер жакшы болот” – деген оюн билдирип өттү  Жан Пьер Поза.

Айыл тургуну, аталган уюмдун мүчөсү, Гүлнара Алыкенова декабрда олтургузган  күнөсканада өсүп жаткан өсүмдүгүн  талаага жаңыдан көчүргөн.

 

“Быйыл жыйынтык кандай болот экен деп өстүрүп жатабыз. Себеби, мурда картошка сепчү элек. Акыркы убакта баасы төмөн болуп кеткенине байланыштуу жаңы киреше булагын издеп жаткан учурубуз. Эмгегибиз текке кетпейт деп ойлойбуз. Андан сырткары Швейцариядан келген картошка, сабиз ,пияз, карагаттын жаңы сорттогу көчөтүн олтургуздук” – дейт Алыкенова.

Даярдаган: Саадат Турдуматова.

Редактор: Айгерим Кубатбекова

“Сынак үчүн”