Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Сопиев мектебинин оюн аянтчасынын абалы начар деп билдиришүүдө. Мурда бул жер баардык талапка жоопберерлик жасалган.
Аянчада жайгашкан Тынтай атанын терегин 3 жыл катары менен кыйган соң, спорттук аянчанын абалы кыйла начарлаган, кийин кайра бул аянчфны калыбына келтире алган эмес.
Аталган мектептин дене тарбия мугалими Эркинбек Көчөрбаев бул оюн аянтча союз убагында Кыргыз Респупликасы боюнча 1-оорунду ээлеген.Азыр болсо абалы оор , сабак өтүүго шарттар жок деп билдирүүдө.
“Мурда бул аянтча баардык талапка ылайыктуу жасалган.Андан соң Тынтай атанын теректерин 3 жыл катары менен кыйып,болгон аянтчаны талкалап,кайра калыбына келтиребиз деп коюшуп ошону жасабай кетишти.Буга айыл өкмөттүн башчысы,мектеп админсратсиясынын жетекчиси,чабачылык иштеринин оорун басарыКожоев Көкүлбайдын түздөн түз күнөөсу бар” деп баяндады.
Учурда оюн аянтчанын абалы канаттандырырлык эле.Болгону Бирок союз убагындагыдай жакшы эмес деди Сопиев мектебинин мүдүрү Алик Мамытов
“Мурда бул оюн аянтчанын тегерегинде теректер өсүп турчу.Аларды кыйганда,чоң-чоң траторлор кирип сүйрөгөндө аянтча да бузулган.Эми муну кайра мурунку оордуна келтирүү оор.”деп билдирди Мамытов.
Аталган мектептин 8-классынын окуучусу Гүлайым Кубатбек кызынын билдирүүсүндө аянчанын абалы окуучуларга сабак өтүүдө көптөгөн кыйынчылыктарды жаратарын айтууда.
“Азыркы учурдагы мектебибиздин спорттук аянчасынын абалы оор десем болот.Себеби биз сабак өтүүдө көптогөн тоскоолдуктар болот. Айтсак аянчага Ар кандай чоп- чаарлар өсуп кеткен” деди Кубатбек кызы
Даярдаган: Айдана Саякова
“сынак үчүн”Н.С