"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:Айылда чүкө оюндары көп ойнолууда

25 Май 2016 жыл 20:19
Көрүүлөрдүн саны: 209

Учурда Тасма айылында эле эмес дээрлик бардык айылдарда чүкө оюндары коп ойнолууда. Биздин Тасма айылыбызда чүкө оюндарына кичине балдар эле эмес  чоңдор да ойношууда.

IMG-20160508-WA0007

Чүкө оюндарын ойноп жаткан Акжол Кубановдун билдирүусундө мен”кан таламай” ,“сака атаар”, “ордо” оюндарын көп ойнойбуз деп билдирет.

“Биз кө учурда чүкө оюндарын ойнойбуз. Ал чүкө оюндарында жек эле биз эле эмес папамдар да кошулуп ойноп кетет. Негизи чүкө оюну кызыктуу. Биз  папам экөөлөп чүкө чогултабыз” деп билдирет.

IMG-20160508-WA0005

Ал эми  айыл тургуну Махабат Ахметжанованын билдирүүсүндө чүкө оюну илгерки оюн болгондуктан ойноолоруна каршы эмесмин. Азыр менин уулум эле эмес жолдошумда ойношот деп билдирет.

“Чүкө оюндарына мен каршы эмесмин, себеби бул мурдатан келе жаткан оюн. Негизи бул оюнду жазында ойношот. Айтып койушат эмеспи балдар чүкө ойноп  жатышса жаз эрте келет экен деп.Азыр менин уулум жана жолдошум экөө чүкөөлөрдү чогултуп боешот” деп билдирип өттү Ахметжанова .

Чүкө оюнун биздин аталарыбыз да ойноп келген.Аны унутпашыбыз керек деп билдирди айыл тургуну Жылдызбек Эгебаев

“Чүкө менен ойноло турган кыргыздын оюндары көп.Аларды унутпай балдарыбызга,балдарыбыз балдарына үйрөтсө ошондо бул чүкө оюну унутулбайт.”

IMG-20160508-WA0004

Даярдаган: Айдана Саякова

“Сынак үчүн”Н.С