"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тема:Майып балдары менен жашаган үй- бүлөөгө жардам көрсөтүлдү

25 Май 2016 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны: 100

Түп районундагы Тасма айылынында жардамга муктаж болгон үч туубас майып балдарды чоңойтуп келе жаткан үй бүлөөгө ”Human Appeal International” кайрымдуулук фонду тарабынан жардамдар көрсөтүлдү.

20160508_220050

Бул үй-бүлөө “Кайрымдуу бол” берүүсүнө кат жөнөтүшүп үч баласына инвалиддик каляска,үйүнө суу чыгарып, даараткана,   жуунучу жайга шарт түзүп берүүсүн суранышкан.Кат жазган күндөн көп узабай “Кайрымдуу бол” программасы  үй бүлөөнү өтүнүчүн аткара тургандыгын билдирди.

“Human Appeal International” фондунун директору Али Айоуб бул үй бүлөө  аларга кат аркылуу кайрылышып, каттын негизинде келишкендигин билдирип  өттү:

“Бир жума мурун биз бул үй бүлөөдөн кат алдык.Биздин берүүбүз  үй бүлөөгө келип өз көзүбүз менен көрүп жардам берүүнү туура көрдүк,бизге алар үй –бүлөөдө үч баласы майып экенин жазышыкан,ошондой эле балдардын ата-энеси да оорушарын билдик.Ошол себептен биз кесипетештерибиз, КТР телевиденясы  менен бирге келип жардам көрсөтөлү деп турабыз”.

20160507_160143

Аталган “Кайрымдуу бол” программасы бул үйгө кышкысын майып балдары менен жашоо оор болгондуктан ысык суу,жана башка баардык шарттарды ыңгайлаштырып берүүнү өз колдоруна алып,ай сайын акча бөлүнүп тураарын билдирди.

Ошондой эле  үй- бүлөөгө болгон биринчи жардамыбыз деп  3 баласына каляска алып беришкендиктерин айтат  кайрымдуулук фондунун директору Али Айоуб.

 

Балдардын чоң апасы Атыркүл эже аты аталган уюмга кат жазгандыгын айтып өттү:

“Биз жардам көрсөткөндүктөрү үчүн үй-бүлөөбүз менен бул уюмга ыраазычылык билдиребиз.Буга чейин бизге демөөрчү болгон адамдар жок эле, алгач эле каляска берип андан соң биздин суранычыбызды аткарып жуунучу жай,даараткана салып берээрин айтышты”.

20160506_125829

Даярдаган:Жазира Дүйшөн кызы “Сынак үчүн”АА.