"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:Тигүүчүлүк менен алектенген Сагынай Осмонакунова

28 Май 2016 жыл 19:59
Көрүүлөрдүн саны: 139

Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Сагынай Осмоакунова тигүүчүлүк менен алектенип келет. Осмонакунова тиккен кийимдерин дүкөнгө койуп өткөзөт.
25052016361
Сагынай Осмонакунованын өзүнүн билдирүүсүндө тигүүчүлүккө өзүнүн шыгы болгондугун жана тигүүчүлүктүн окуусун бүтүп сертифкат алганын баса белгилеп томөндөгүлөрдү билдирет.

«Мен бул тигүү менен акыркы 10 жылдан бери алектенип келем. Негизинде өзүм да кызыкчум, окуусун да бүткөм. Азыр болсо келиндерге, кичине балдарга жылуу кармоочторду тигип дүкөндөргө өткөзүп жатам. Мунун себеби үй-бүлөлүк бюджетти көтөрүү» деп билдирет Осмонакунова.
25052016363
Ал эми сатуучу Нүргүл Кендирбаеванын айтымында тиккен кийимдери жакшы экендигин жана кардарларга да жагып жаткандыгын. Ошлндой эле кийимдердин баалары жөнүндө билдирди.

«Сагынайдын азыркы тигип жаткан кийимдери кудайга шүгүр жакшы. Кардарларга жагып жатат. Кичине балдарга, келиндерге жакшы жылуу болот экен. Келиндерге тиккендери 500 сом ,орто жаштагы кыздар үчүн 300 сом ошондой эле кичине балдардыкы 200 сомдон сатылат» деп билдирет соодагер Нүргүл Кендирбаева.
25052016373
Ошондой эле сатып алуучу Элмира Саадабаеванын айтуусунда тиккен кийимдер айыл тургундарына жагып жаткандыгын баса белгиле кийимдердин сапатту экенин айтып өттү.
22052016313
«Азыркы Сагынай эженин өткөрүп жаткан кийим-кечектери жакшы. Өзгөчө келиндерге узун болуп жакшы болуп жатат. Ал эми кичине балдарга да жакшы жумшак, жылуу болуп. Негизинде сапаты жакшы»деп билдирди кардар Саадабаева.

Даярдаган:Айдана Саякова
«Сынак үчүн»Н.С