"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Сүрөт баян: Тасма айылы адыр тоолору менен кооз

29 Май 2016 жыл 19:25
Көрүүлөрдүн саны: 184

Тасма айылы тоолуу өрөөнгө киргендиктен айланасынын баары тоолор курчаган. Башка жерден келгендерге да адыр тоолор көрктүү көрүнөт.

20160528_150738
Тасма айылынын адыр тоолорунда байчечекей, жоогазын жана башка көптөгөн гүлдөр өсөт.
20160527_192758
Тасма айылынын тургуну Индира Сагынайованын айтымында биздин айылга кирип келгенде эле айылыбыз адыр тоо менен курчалып тургандай сезилет. Негизинде айылыбыз тоосу менен албетте кооз жана ошондой эле жээгиндеги суулары менен да кооз деп билдирет.
20160528_193809

“Биздин айыл албетте адыр тоолору менен кооз жана андагы жашыл чөп-чаарлары менен да кооз. Тоого чыксаң көптөгөн жерлер көрүнөт жада калса көлда көрүнөт. Биз ушул кичине тообузду да барктай билүүбуз керек”деп билдирет айыл тургуну.
20160527_191841

Ал эми мектеп окуучусу Эрназар Султанбеков өзүнүн Тасма айылы менен сыймыктанарын жана ошондой эле ал дагы Тасма айылынын көркү болгон адыр тоолор экенин айтып төмөндөгүлөрдү айтат.
20160527_193125

“Биздин айыл чындыгында кооз. Мисалы тоо жана андагы ар түрдү чөптөрү ошол жерде оттоп жүргөн малдар менен кооз көрүнөт. Негизи биз өзүбүздүн айылыбыз Тасма менен сыймыктана алабыз” деп билдирди Султанбеков.

20160527_192032
Ошондой эле мектеп окуучусу Элнура Марс кызынын айтымында Тасма негизи коп неселерге бай келет. Тасма деп аталып калуусунун себеби да бар деп билдирет.

“Биздин айылыбыздын аты Тасма. Тасма деп аталып калуусу бул биз адыр тоолу жерде жашагандыктан тоонун атынан койулган жана Тасманын эки четинен тасмага окшоп суу агып турат ошолордон улам «Тасма» деп аталып калган. Азыр болсо ошол тоосу жана суусу менен кооз болуп келет” деп баяндайт Марс кызы.
20160527_192005
Ал эми айыл тургуну Гүлзат Калиеванын айтымында биз өзүбүздүн айылда жүрүп тоону күндө көрүп жатып байкалбай деле калат. А бөлөк жерден келген кишилерге биздин кичине тообуз чоң тоодой көрүнөт деп айтып өттү.
20160527_191856

“Биз күндөө көрүп жатып ушул Тасманын көркү болгон адыр тоону деле билбей калабыз. Тоого күнүгө музоо аркандап, уйларды тозуп күндө чыгып-түшүп атып билбейбиз да. Мына сырттан келгендерүчүн биздин тоо ажайып көрүнөт” деп баяндайт айыл тургуну Калиева.

Даярдаган: Айдана Саякова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн»