"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Беш жылдан бери алып сатар болуп иштеген Жанат Садыров

30 Май 2016 жыл 8:27
Көрүүлөрдүн саны: 80

DSC02105
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Жанат Садыров беш жыл бою алып сатар болуп иштеп үй жайын оңдоп чоң машина сатып алган.Жума сайын жекшемби кундөрү мал базарга баруу менен алектенет. Жөнөкөй жана оор жумушта иштеген Садыров өз бизнеси жөнүндө айтып берди.

Алып сатар Жанат Садыровдун айтымында негизи бул бизнес оор малды байлап, суу чөбун өз убагында берип туура багуу керектигин айтат. Садыров мындар ары дагы аракет кылып бизнесин өнүктүүрүсүн айтып өттү.
“Мен алып сатарлыкты кой менен баштагам пристеп менен мал ташып жана өзүмдүкүн да чоогу салып жүрчүмүн 5-10дон мал алып бардым азыр мына бодо мал менен иштей баштадым. Биринчи баштаганда ичкен тамагашка гана жетчү азыр шүгүр. Акча тапканда кеде 100сом түшөт геде 5000 сомго чейин табуу мүмкүн болот ал эми кудай бергени. Айылдын малын алганда кээ биринин справкасы жок болот кээ бири оорулу оор эле болот”-дейт Садыров
Айыл тургуну Алтынбек Сокеевдин айтымында Жанат өтө үлгүлү туруш жүрүшү менен айырмаланып жүргөнүн айтат түз жүргөн киши өз максатына жетет өшон үчүн Жанат өнүкөнүн айтып өттү.
“Жанат башында авудисине притсеп илип базарга мал алып барып сатып жүрчү азыр ал машина алды эми бизнеси өнүгөт. Мен жанатан улумун жанат метептен жакшы окуган беш жыл окуп келип үйлөнүп бала –чакалу болду. Эми Жанатай болгон жаштар көбөйүп өсө берсин “,-деп билдирди Сокеев.
Садыровдун кесиптеши Талант Супакеевдин айтымында алар иштеп баштаганда шарт жок болчу эми гана шарт түзүлгөнүн айтат.
“Мен Жанат менен беш жылдан бери иштеп келем ал мага өтө жакшы кесиптеш .Эми жакында малды көптөн байласак дейм 20-30 кудай бергенин көрөбүз”,-деп билдирди Супакеев.
Даярдаган:СалаватЖанагабылов
Редактор: Айгерим Кубатбекова
Сынак үчүн