"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбайда АЧД боюнча балдар арасында үч күндүк машыгуу өттү

30 Май 2016 жыл 8:15
Көрүүлөрдүн саны: 117

DSC02116Чоң-Тогузбай айылында аскерге чейин даярдык сабагыннын алкагында үч күндүк практикалык сабактар болду. Сабактарда практика жүзүндө иштер жана аскердик машыгу өтүлдү. Аталган иш чара жый сайын май айынын акыркы күндөрүндө бүтүрүүчү класстын эркек балдар арасында жүрөт. Бул иш чарага Тасма жана Тогузбайдан катышышты.

Тасма айылынын аскерге чейинки даярдоо сабагынын мугалими Кыдырмыш Масыловдун айтымында бул иш чара 23,24,25- майга бөлүнүп, күнүнө алты саатан сабак өтүлүүсүнө атайын приказ берилген.
“Мурун окучулар лекция менен аргандай плакатар менен көрө алса азыр жыл бою окууганын практика жүзүндө көргөзө алды.Бул окуу аларды патриотук сезимдерди үйрөтүгө жардам берет менин оюмча окучуларга өтө жакты деп ойлойм”,-деп билдирди Масылов.
М. Кубанычбек атындагы мектептин 11-классынын окуучусу Азим Тентиев чогулу өтө жакшы өткөнүн жана катарда басуунун үйрөнгөнүн айтып өттү.
“Эставеталар да жакшы өттү эки адам жарадар адамды көтөрүп чуркашты кызыктуу экен .Граната ыргытышты менда ыргытым бирок алардыкындай алыс эмес. Алардын басканын көрүп мен чоңойгондо аскер болоюн деп чечтим”,-деп билдирди Тентиев.
Чоң-Тогузбай айылынын 11-классынын окуучусу иш чаранын катышычусу Дастан Кубатовтун айтымында негизи үч айыл катышмак Тасма ,Токтоян жана Тогузбай Токтояндын шарты болуп өз айылында өткөрөбүз дешкенин билдирди.
“Чогулу негизи өтө кызыкту болду биз маршировка менен ары бери бастык.Противагаз кийип чуркап жана көнүгүлөрдү жасадык . Граната ыргытып өзүбүздүн күчүбүздү көрө алдык өтө кызыктуу болду”,-деп билдирди Кубатов.
Даярдаган :Салават Жангабылов.
Редактор: Айгерим Кубатбекова
“Сынак үчүн”