"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Өспүрүдөргө спирт ичимдиктери сатылуусу туурабы

30 Май 2016 жыл 4:54
Көрүүлөрдүн саны: 98

Азыр дээрлик баардык аймактарда өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга тыюуу салынган. Ал мыйзамга канчасы баш ийүүдө билинбейт.


24052016346

Бул тууралуу мектеп окуучусу Адил Кубанычбек уулунүн айтымында кээ бир учурларда чоң кишилер жөнөткөндө барууга туура келип калат деп төмөндөгүлөрдү баяндайт.

«Эми ар кандай учурлар болот. Мисалы чоң кишилер жөнөтүп калса барууга аргасызсың. Ошол учурдарда кээ дүкөнчүлөр сурайт. Кээси сурабай эле бере берет» деп баяндады.
29052016432-001

Ал эми соодагер Кубан Жанековдун билдирүүсүндө мен көбүнчө жашы жете элек балдарга бербейм. Кээ бирлерине эле берем деп айтат.
«Мен көбүнчөсүнө бербейм себеби, жашы жете элек кичине. Ал эми кээ бирлеинин ата-энелери ишеничтүү болсо берүүгө туура келип калат»деп баяндайт
29052016433

Ошондой эле айыл тургуну Нурлан Шайдаркуновдун айтуусунда менин балдарым кичине жана мен эч кимсин жибербейм деп баяндайт.
«Менин балдарымды жибербейм себеби, кичине балдарды жиберүүгө болбойт.Эгер керек болуп калса өзүм барам. Ошондой эле биз соода кылган дүкөндө спирт ичимдиктерин сатпайт» деп билдирет.

Даярдаган:Айдана Саякова
Редактор:Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн»Н.С