Түп районуна караштуу Тасма айылына Миң-булак айылынан тактай тилгич келди. Бул тактай тилгич келүүсү менен тургундардын дагы бир көйгөйү чечилди.
Мурда айыл тургундары тилгич жоктугуна байланыштуу Түпкө же Талды-Суу айылдарына барып тилдиришчү.
Тасма айылынын тургуну Эркинбек Дүйшөбаевдин айтуусунда бул тактай тилгичти коңшу Миң-булак айылынан келгендиктерин айтып өттү.
«Биздин бул теректерди убагында атабыз тиккен. Азыр ушул бактарды тилдирип жатабыз. Азыр бул тилгичти бул жерге келгени жакшы болду же болбосо ушунча теректерди машине менен алыпарыш эмне деген оор болмок» деп билдирет айыл тургуну Дүйшөбаев.
Ал эми Миң-Булак айылынын тургуну азыркы учурда биздин үйлөрүнө келип тилип берүүбүз жакшы болуп жатат деп төмөндөгүлөргө токтолот.
«Биздин азыр ушинтип үйлөрүнө келип тилип берүүбүз жакшы болууда. Себеби, мурдагыдай элдерди Түпкө же Талды-Сууга деп олтурбастан үйлөрүнө чакыртканда келебиз. Баасы 800сомдон болууда. Биз област боюнча кыдырып жүрөбүз» деп билдирет.
Даярдаган:Айдана Саякова,Жылдыз Темиркул кызы
«Сынак үчүн»Н.С