"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:Электр зымдарына тийген бактар кыйылууда

9 Июнь 2016 жыл 6:36
Көрүүлөрдүн саны: 101

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуулар Тасма айылында электр зымдарына тийген бак-дарактар кыйылууда. Айыл тургундары үчүн да жакшы болуп жатканын билдирип өтүштү.


20160607_145029

Бактарды кыйып жаткан Алик Токоевдин айтымында бул бактарды биз жогору жактан буйрук алып анан кыйабыз. Анткени биз өзүбүз эле кыйа берсек болбойт деп баяндайт.
«Негизинде биздин өзүбүздүн кыйууга укугубуз жок. Азыр биз жогору жактан буйрук алып электр зымдарына тийген бактарды кыйып жатабыз. Ар кайсы айылдарга барып кыябыз.»деп билдирди20160607_145644
Ал эми айыл тургуну Жаңыл Чингизбаеванын айтымында бактарды кыюусу биз үчүн да жакшы болууда деп төмөндөгүлөрдү билдирет.
20160607_200252
«Бактарды кыюусу деле жакшы болууда айыл тургундары үчүн. Себеби,жаандарда, шамаалдарда светтин зымдары бактарга да тийип өчүп калчу.»деп билдирет

Даярдаган:Жазгүл Нурбек кызы
Редактор:Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн»Н.С