"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Баатыр эне наамын алган Дария Касымова

12 Июнь 2016 жыл 11:26
Көрүүлөрдүн саны: 104

Баатыр эне наамын Тасма айылынын тургуну Дария Касымова 1972-жылы алган.Бул наамды Дария Касымова 11 балалуу болгон соң алып  мамлекет тарабынан ардак громата жана баатыр эне ордени менен сыйланган.

IMG-20160609-WA0009

Өзүнүн алган сыйлыгы жөнүндө Касымова Дария буларды айтат:

“Мен кырк неберенин,отуз үч чөбөрөнүн энесимин.  Балдарымды чоңойтуп,жайлантып азыр төрдө олтурган кезим”дейт баатыр эне.

Марат Касымов апасы баатыр эне наамын алганда кызык  болгон дейт:

“Агаларым кубанып сүйүнүп жатса эмне болуп жатат деп түшүнгөн эмесмин.Азыр 56 жаштамын энемди сыйлап,ак сүтүн актаганга аракет кылып жатам” дейт баатыр эненин баласы.

IMG-20160609-WA0012

Улуу келини Жайлоокүл Касымова кайненесиндей баатыр эне болуу анын максаты экенин айтат:

“Энемдин бизге берген тарбиясы чоң.Талыкпай бизге мээримин төгүп,жакшы тарбия берген.Мен да баатыр эне болгум келет бул менин максатым”дейт келини Жайлоокүл Касымова.

IMG-20160609-WA0011[1]

 

Даярдаган:Нурайым Асанакунова”Сынакка”АА