"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Cугат суу элдерге жетишерлик элеби ?

12 Июнь 2016 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны: 100

 

Карасаев айыл өкмөтүнө Тасма, Тогузбай ,Токтоян айылдары кирет.Бул айылдарда суунун  деңгээли  жетишээрлик  эмес  деп  билдиришет. Айыл тургундары айдап сепкен эгиндерин сугарууда сууу жетишпей маселе жаратаарын билидирет.

DSCN3823

Бул  маселе туурасынд Карасаев айыл өкмөтүнүн сугат суу кызматынын башчысы Эркинбек   Дүйшөбаевге  кайрылдык:

Элдер  сугат  сууну  кандай  пайдаланышат?

-Элдер  сугат сууну кенен эле пайдаланшат анткени биздин элдерге үч айылга  Токтоян,Тогузбай  ,Тасма айылына калмагарык аркылуу жана Сарыдөбө жана кайрмагарык аркылуу үч арык  аркылуу суу берилет .

Элдерге  суу   жетишерлик  эле  келеби  ?   

Бизге үч канал бойунча суу келет элдер өз убагында  пайдаланып өз убагында сугарышат суу  кенен элдерге жетишерлик   .     

Элдер   сугат   суунун   акчасын  өз  убагында   беришеби  ?

Эми бул көйгөйлүү суроо болуп жатат кээ бирөөлөр жашоо шартына байланыштуу  сугат  суунун  акысын өз убагында  бере  алышпайт , ошондуктан  күзүндө гана  чогултуп  албаса  кеч  болуп  калгандан  кийин  убагында  бере алшпайт   көпчүлүгү  бербей  да  калат  .

DSCN3817

Суу таратып  жатканда  сиздерге  кыйынчылык  жаралбайбы  ?

Суу  таратып  жатканда  кыйынчылык  деле  жаралбайт  бирок   арыктарды өз  убагында  тазалап  байлоолорун  тазалап  алса,  суу  өз  убагында  эле  жетет  эч  кандай деле  кыйынчылык  болбойт .   Элдер  болсо өзүлөрү аракет   кылып  сугат  жерлерине жеткизип  алганга  арекетпиз  анткени  сугара  турган  элдер  алдын  ала  сугат  арыктарын  салып  алдын  ала  даярданышат  да  ошондуктан  эч  кандай  көйгөйлөр  болбойт.

Сугат  суу  боюнча  кандай   көйгөйлөр   бар?

Сугат  суу  боюнча бүт каналдардын баардыгы эскирип совет мамлекетинин учурунан бери оңдолгон жок анын баардыгы тең  бузулду.Эми ошолордун бары тең кайра оңдоо иши болсо мамлекеттин колунан келбейт.Бирок  Карасаев айыл өкмөтү боюнча «Алты суунуру»деп түзүлүп ошолордун бардыгын тең иштеп жатат.

DSCN3821

Даярдаган:Ширин Акунова «Сынакка»АА