"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

4 Июль 2016 жыл 8:44
Көрүүлөрдүн саны: 102

Тасма: «Бала бакча ачуу долбоору ишке ашты

 

DSCN2443Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында бала бакча жок болгондуктан айыл эли бала бакча курдуруу үчүн атайын долбоор жазышкан. Жазылган долбоор ишке ашып, мектептен бир бөлмөнү даярдап, ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизилгени жатат.

 

Карасаев айыл өкмөтүнун башчысы Курманбек Кайыков  келечек балдардын колунда болгондуктан бала бакчаларга көп көңүл бурулуп жатканын айтты.

“Мамлекет боюнча бала бакчалар көбөйү жатат мында эки группа болуп, бири үч жаштан беш жашка чейинкиси, экинчиси 5 жаштан өйдө карай. Бизге 3 жаштан 5жашка чейинкисине жазылып,50 балага 2 топко бөлүп, буга 751000 сом утуп алышты. Ал жерге эми оюнчуктардан баштап, балдарга тийиштүү бардык окуу куралдарды камтыганга өзүбүзгө тиешелүү жерден акча каражат издеп таап, шарттарды беребиз. Дагы керектүү нерселери болсо биз каржылап бергенге арает кылабыз” – деп өз оюн билдирди  Кайыков.

Айыл тургуну Сагынай Осмонакунова бала бакча болсо айыл элине абдан чоң пайдасын тийгизээрин айтты.

“Биз ойлойбуз бала мектепке барганда тарбияланат деп. Негизи баланы курсактагы кезинде эле тарбиялап башташ  керек. Анан 3 жашка толгондо бала бакчага берсе андан дагы жакшы болуп, баланын аң сезими өсүп, мектепке чейинки даярдыгы да жакшы болмок деп ойлойм. Эгер бала бакча ишке кирсе мен дагы баламды киргизет элем” – деди Осмонакунова.

Долбоорду жазган жана жетекчиси Кундуз Шалтабаева бала бакчанын ачылыш максаты ата-энеси жумушта жүргөндө кичинекей балдар көчөдө убактысын бекер коротпой кыска мөөнөттүү бала бакчага барып, тарбия алып, мектепке даярдыгы жакшы болмок дейт.

“Былтыркы жылы Роза Отунбаеванын демилгеси фондусу тарабынан Кыргызстанда мектеп базасына 100 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылышы керек. Ал 100 бала бакча мурунку мамлекеттик балабакчалардай эмес, мында 3 жаштан 5 жашка чейинки балдар алынат. Бала бакча 2 сменде иштейт, түшкө чейин бир группа, түштөн кийин бир группа 3 сааттан. Мектептен бир чоң бөлмо бөлүнүп берди ичинде кичинекей бөлмөс ү менен. Кичи бөлмө санитардык бөлмө болот, ал жерди айыл өкмөт оңдоп берет. Андан сырткары утулган акчага шкаф баштап баардык керектуү жабдыктар менен жабдылат. Балдар үчүн өзүнчө да мектеке кирип чыкканга атайын эшик коопсуз кылып оңдоп алабыз” – деп билдирди Кундуз Шалтабаева.

 

Даярдаган: Чынтурсун Турдуматов.                                                                                    Редактор:  Айгерим Кубатбекова

«Сынак үчүн” Н.С