
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сопиев атындагы мектептин терезелеринин абалынын начар экендиги туурасында “нур фм” ЖМБнун кабарчылары билдирген. 2016-жылы мектептин эски иштен чыккан терезелерин жаңы пласстик терезге алмаштыруу үчүн долбоор жазылган. Жазылган долбоор ишке ашып, мектептин эски терезелерин жаңы пласстик терезеге алмаштыруу иштери жүргөнү жатат.
Бул туурасында Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков демилгелүү топ түзүп алып, бул долбоорду былтыр жазышкан. терезелерди алмаштыруу иштери элдер төлөнө элек салыктарды төлөп бүткөндөн кийин башталаарын айтты.
“
Мектептин терезелерин пласстиктөө бул окуучулар үчүн жакшы. 2016-жылы 4-апрелде финансы министрлик комиссиясынан өттү деп долбоор каржылоонун астында турат. Биз 7% акча каражатын топтошубуз керек бул 198200 сомду түзөт. Азыр ошол салыктарды элдер төгүп жатат. Бул боюнча 164 терезе, 15 сырткы эшиктер алмашылат андан соң подоконниктер коюлат. Ошондо 30% жылуулукту сактайт. Андан сыркары кышында мектепке лимиттер коюлат. Аны сактоодо дагы жакшы пайдасы тийет. Буюрса кышында окуучуларыбыздын баары форма менен үшүбөй окуйшат деп ойлойм” – деп билдирди Курманбек Кайыков.
Аталган мектептин география мугалими Ороз Саадабаев мектептин терезелери абдан эскирип, суук кирип жатканын айтты.
“биздин мектептин терезелери аябай эски болгондуктан кышында суук кирип, ак скотч менен окуучулар чаптап, убара болчубуз форточкалары туура эмес болуп, ача албай кыйналабыз. Терезелер чоң болгондуктан жылуулуктун баары чыгып кетип, жазында окуучулар сырдап убара болуп, жууганда да өтө оордук болчу. эмдиги жылы пласстик терезе болуп, жылуу жакшы жагдай түзүлөт деп ойлойм” – деп өз оюн билдирди Ороз Саадабаев.
Аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Кундуз Шалтабаева пласстик терезе коюлса мугалимдерге жана окуучуларга эң ынгайлуу шарт болмок деп билдирди
“Өкмөт тарабынан берилүүчү дем берүүчү грантка биздин айыл өкмөттөгүлөр жана мектептеги мугалимдер пласстик терезеге долбоор жазган. Мурунку терезелер жыгач терезе болгондуктан анын мөөнөтү болот экен ал ысыктан, сууктан улам кргап отуруп, тактай эскирип калат. Ал эми пласстик терезе жылуулукту да сактайт, жыл сйын сырдап, жууп убара болчубуз, пласстик терезе жууганга ыңгайлуу, сыр дагы эконом болот. Буюрса мектептин келбети мурункудан да жакшы болуп калат деп ойлойм”- деди Кундуз Шалтабаева.
Даярдаган: Чынтурсун Турдуматов Редактор: Айгерим Кубатбекова
“сынак үчүн” Н.С.