"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:Мектеп окуучулары жайкы эс алууну кандай өткөзүштү

27 Август 2016 жыл 3:32
Көрүүлөрдүн саны: 113

Акырындап мектеп окуучуларынын жайкы каникулу бүтүп бара жатат. Биз окуучулар жайкы эс алууну кандай өткөзгөндүгү тууралуу маек курдук.


20160821_195411
Сопиев мектебинин 3-классынын окуучусу Айгерим Кубанованын билдирүүсүндө быйылкы каникулда мен Ак-Суу районунда болдум ал жеоден көптөгөн кызыктуу нерселерди көрдүм деп баяндайт.

«Мен каникулда тайатамдыкында болдум ал жерден күнүгө жаңы досторду таптым. Ошол учурда «Айт»майрамы болуп калып.Көптөгөн үйлөрдү кыдырдык»дейт Кубанова
20160807_201354
Айыл тургуну Махабат Ахмеджанованын айтымында быйылкы жайкы эс алуу анча жакшы өткөн жок деп билдирди. Мунун себеби күн жаан көп болгондуктан жакшы эс ала алышкан жок деп баяндайт.

«Быйылкы каникул да билинбей бүтүп калды. Негизи быйыл окуучулар анча эс ала алышкан жок. Себеби жаан болуп көлгө бара албай калышты. Бирок ага карап олтуруп калбастан жибердик кичинеден эки жакка жибердик»деп билдирди.
24052016346
Ал эми 7-классынын окуучусу Ынтымак Бектемировдун айтымында быйылкы эс алуу мен үчүн жакшы болду көп жерлерге бардым деп төмөндөгүлөрдү баяндайт.

«Быйыл каникулда мен Каракол шаарына эжемдикине бардым жана Бишкекке да бардым. Ал жерлерден көп нерселерди көрүп, жаңы достор менен тааныштым. Көлгө да барып эс алдым»деп билдирди мектеп окуучусу.

Даярдаган: Жазгүл Нурбек кызы,Айдана Саякова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн»Н.С