Асан Сопиев мектебинин терезелерин долбоордун алкагында пласстик терезелерге алмаштырылды. Аны менен бирге подоконниктери жана сырткы эшиктери да жаңыланды. Оңдоп-түздөө иштери бир айга чейин созулду.
Мектеп директору алик Мамытов терезелердин жана эшиктердин сапатын айтып, койгон талапка ылайык экендигин билдирди.
“Бардыгы болуп 2292131 сомду түздү. Жалпы 414 м квадрат жердин эшик терезеси алмашылыптыр. Бул окуучуларга жакшы болду. Кышында жылуулукту жакшы кармайт. Сапаттуу жана абдан бышык экен. Долбоордо көрсөтүлгөндөй баардыгы тең алмашылды” – деп айтты мектеп мүдүрү
Мектеп мугалими Эсенкан Токталиев муну менен бирге дагы чечиле элек көйгөйлөр көп экендигин жанаалардын дагы аткарылуусун калаганын айтты.
“Мектепке пласстик терезелер коюлганы абдан жакшы болду. Кышында окуучулар тыш кийимдери сабакта олтурчу терезеден суук кирип. Жылчыктарга кебез тыгып убара болуп, сырдап убара болушчу эми окучуларга өтө жакшы болду.” – деп билдирди Эсенкан Токталиев.
Пласстик терезе алмаштырган жумушчу кубанычбек жусупбеков терезелердин Россияда жогорку сапатта жасалып алып келгенин айтты.
“Терезелер жогорку деңгээлде жасалган жылуулук сыртка өтпөйт, шамал кирбейт, Россияда жасалып келген жакшы терезелер. Көпчүлүк бизден алат.” – деп билдирди кубанычбек Жусупбеков.
Даярдаган: Чынтурсун Турдуматов, Кубатбекова Айгерим (Сынакка) Н.С