"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мектептин айланасын тазалоо иштери болуп өттү

11 Сентябрь 2016 жыл 18:08
Көрүүлөрдүн саны: 126

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев атындагы Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде мектепти тазалоо иштери болду. Бул иш-чаранын максаты мектептин айланасын таза кармоо ирээтинде өтүлгөндүгү туралуу айтып өтүштү.

Бул иш-чарада мектептин тышкы короосу тазаланып, куурайларды жулуп өрттөштү. Аталган тазалык иштерине 5-класстан 11-класска чейин катышты.

Мектептин 8-классынын окуучусу Акылай Иязованын айтымында бул иш-чарада мектептин айланасындагы жалбырактарды тазаладык деп төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Бүгүн бардык класстар жерлерди бөлуп алып тазалап жатышат. Мектебибизди таза кармоо биздин милдетибиз болгондуктан баарын таза тазалап атабыз. Окуучулар да толук эле келип жатышат»деп билдирди.

Ал эми мектептин тарбия завучу Баян Дүйшөбаеванын айтуусунда иш-чаранын максаты тазалык экендигин айты. Аталган тазалык иштерине окуучүлар толук түрдө катышып жатканын да айтып өттү.
«Бүгүн мектептин сыртын тазалоо иштери болуп жатат. Иш-чарага 5-класстан баштап 11-класска чейин катышып жатышат.»деп билдирди мектеп завучу.
Ошондой эле мектеп президенти Айдана Саякованын маегинде мектерти тазалоо максатыбыз өзүбүз үчүн, мектеп жаркырап турса бизге да жакшы деп билдирет.
«Мектепти тазалоодо биз бөлүштүрүп берген боюнча иштеп жатышат. Мунун максаты мектепти таза кармоо ирээтинде өтүп жатат»деп айтып өтү Саякова.

Даярдаган: Жылдыз Темиркул кызы 

Редактор: Нуржанат Советбек кызы 

«Сынак үчүн»