"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада Карасаев айыл окуругуна ФАО уюму тарабынан техника жана малдар берилди

17 Сентябрь 2016 жыл 10:53
Көрүүлөрдүн саны: 38

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев аймагына Швецариянын өкүлдөрү тарабынан жетишпеген үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Аталган иш-чаранын максаты айыл тургундарынын жашоо турмушун жакшыртуу деп билдиришти


img_20160916_105230
Аталган иш-чарада айыл элдерин топко бөлүп 28 бодо мал жана 3 айыл-чарба техникалары берилди. Мындан тышкары Тоң райондорун кошкондо 54 мал 7 техника берилет.
img_20160916_105340
Иш-чаранын Швецариядагы өкүлү Рене Холес Сайндын айтуусунда бул иштерди биз баардыгын эгерде бекер кылып койсок болбойт экен. Ошол себепте ар бир топ биз берген малдын жана техниканын 25 пайызын кайтарып бериши керек. Биз ал акчаны өзүбүзгө албастан кайрадан эле Ысык-Көл облусунда жашоо турмушун оңдоого жумшайбыз деп билдирет.

«Азыркы тапта бул проект Ысык-Көлдүн Тоң жана Түп райондорунда өткөзүлүп жатат. Биз айыл-чарба техникаларын алып келдик. Алар өзүңүздөр көргөндөй эле трактор, чөп чапкыч жана үрөн сепкич берип жатабыз. Биз бардыгын бекер берип жатабыз десек жаңылышабыз. Эмки жылы түзүлгөн өз ара топтун мүчөсү уйдун 25 пайызын төлөп бериши керек. Жыл сайын 25 пайыздан төлөп олтуруп акыры уйдун баасынан кутулушат. Себеби адамдарга бекер берип койсоң ал иш ийгиликсиз болуп калат экен. Бизде ушул жергиликтүү малдын асыл тукумдуулугун жакшыртуу жөнүндө да пландарыбыз бар. Ошондой эле малды тоют берүү жагынан дагы кеңири иш алып барылат. Анткени малды дагы жакшылап тоюндурбасаң анын түшүмдүүлүгү төмөн болуп калат. Ошондой эле мунун жакшы таасирин бул жердеги жаш өсүп келе жаткан муунга дагы тийгизет деп ойлойбуз. Анткени таза мал, таза сүт демек чын ден-соолук»деп билдирди.
img_20160916_111653
Ал эми асыл тукум малдын ээси болгон Асел Байсариеванын айтымында биз үчүн бул ФАОнун уюштурганы жакшы болуп жатат. Айылдагы жетишпеген үй-бүлөлөргө, көп балалуу үй бүлөлөргө берилип жатат деп төмөндөгүлөрдү билдирет.

«Бизге бул иш-чара жакшы болуп жатат. Биз 5тен болуп топко бөлүнүп жыл сайын алмашып бул малды алабыз. Ал эми малдын төлү музоосу өзүбүзгө калат. Негизи жакшы болуп жатат. Сүтү да керек»деп билдирип өттү.
20160916_114815
Ал эми айыл тургуну Эркинбек Дүйшөбаевдин маегинде негизи жалпы 54 уй берилет экен анын 28 биздин айылга берилди. Азыр бизге 5 эле уй келди дагы келет деп билдирет.

«Азыр бул проект жакшы болуп жатат жетишпеген үй-бүлөлөргө, көп балалууларга берилип жатат. Элдер группага бөлүнүп жыл сайын уйду алмаштырып багып музоолору өзүнө калат. Ошонтип көп үй-бүлөлөр бутуна тура алышат. Ал эми техникалар ортого келди»деп айтты Дүйшөбаев
Даярдаган:Айдана Саякова
Редактор:Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн «Н.С