"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Бишкектен келген дарыгер Тасмалыктарды атайын апарат менен текшерди»

22 Сентябрь 2016 жыл 13:52
Көрүүлөрдүн саны: 94

dscn3086
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылына бишкектин Россия федерациясы камсыздаган №6 дарыканасынан доктур келип, айыл тургундарынын ар кандай ички органдарын текшерди. Ал атайын апараты менен элдерди текшерген соң, даарылануусуна атайын даарыларды жазып берди.

Дарыгер Гүлназ Ырысалиева техниканын жардамы менен кардарлардан 1000 сом алып, 1 саат бою анын ички органдарынын баарын текшерип, жыйынтыгын айтып, түшүндүрүп берип жатты.
Айыл тургуну Кекил Ишенбаева 15 күн мурда дарыгердин Арал айылына келгенин угуп, ден соолугу начар абалдагы айыл тургундарды эстеп, чакыртканын айтты.

“Бул дарыгер айыл элинин башка дарыканалар аныктай албаган ооруларды аныктап, бир гана органын эмес, баардык жерин тең текшерип чыкты.
Дарыгер Гүлназ Ырысалиева кардарлардын абалын айтып, элдер дагы көп текшерилсе өздорунө жакшы болот эле деп билдирди
“Айылда ооруканаларда текшерилгенге жетиштүүү керектүү аппараттар жок болгондуктан элдердин абалын көрөйүн, оооруларын түшүндүруп, айыгууга жардам берейин деген максатта келгем. Көп кардарлар зоп, баш ооруларү жүрөкү түтөк оорулары менен келүүдө – деди Гүлназ Ырысалиева.
Айыл тургуну Райкан Осмонбаева дарыгердин жардамы менен ооруларымды билип, айыктыруу жолдорун үйрөнүп алгандарын айтты.
dscn3073
“Мени текшергенде зоп, аллергия жана уйку безимдин ооруганын айтты. Баарына тең дарыларды жазып, түшүндүрүп берди. Эми менин абалымды сурап, чалып сүйлөшүп турам деди. Эми дагы көп келип, текшерип турса экен” – деди Райкан Осмонбаева

Даярдаган: Чынтурсун Турдуматов, Айгерим Кубатбекова “Сынак үчүн” Н.С