"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мектеп окуучулары табияттын кырсыктарына даярданышууда

23 Сентябрь 2016 жыл 9:32
Көрүүлөрдүн саны: 138

Кырсык айттырбай келет эмеспи. Ошол себепте Тасма орто мектебинде табияттын ар кандай кырсыктарына даярданууга иш-чара болуп өттү.

20160922_101931

 

Аталган иш-чара быйылкы окуу жылында биринчи ирээт өткөзүлүп жатат. Бул ирээт мектеп окуучулары 1мүнөт 37 секунда мектептен чыгышты.

 

Бул иш-чара жеке эле окуучуларга эмес мугалимдерге да тиешелүү болду.

20160922_102058

Сопиев мектебинин география мугалими Ороз Садабаевдин билдирүүсүндө бул иш-чаранын максаты мектеп окуучуларынын ар кандай табигый кырсыктарга даяр болушу үчүн жүргүзөбүз. Бул жолкусун кичине класстар жаңы келгендиги үчүн бир ирээт эскерттик. Эмкисин эскертпестен өткөрөбүз деп баяндайт.

 

«Быйылкы окуу жылында бул иш-чара биринчи жолу өткөзүлүп жатат. Окуучулар болсо чоң класс көнүп калган, а кичине класстарга эскерттик. Ал эми мугалимдер болсо дакумент журналдарды ала чыгышты»деп билдирди Саадабаев.

20160922_102326

Ал эми мектеп окуучулары үчүн бул ирээт коркуу сезимдери болгону менен эртерээк айтылып калынган. Айтпастан кылышса жакшы болмок дейт Бурул Кадырова.

 

«Негизи биринчи бөлөкчө кийинип жүрүшкөндөрүнөн эле көрүнүп калган жана эртең менен линейкадан дагы айтылган. Негизи кырсык айттырбай келет талган иш-чара быйылкы окуу жылында биринчи ирээт өткөзүлүп жатат. Бул ирээт мектеп окуучулары 1мүнөт 37 секунда сыртка чыгып кетишти.

Даярдаган:Жылдыз Темиркул кызы Редактор:Нуржанат Советбек кызы «Сынак үчүн»Н.С