"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү

23 Сентябрь 2016 жыл 18:21
Көрүүлөрдүн саны: 103

23-сентябрь Республика боюнча тил күнү деп белгиленет. Ошол себепте бүгүн Сопиев мектебинде мектеп окуучулары тарабынан чакан салтанат өтүлдү.

20160923_104122

Аталган иш-чарада кыргыз тили тууралуу айтылып жана «Манас» эпосунан үзүндү жана монологдор айтылды.

20160923_113445
Сопиев мектептин кыргыз тили жана адабият мугалими Айым Бегимбаеванын айтуусунда бүгүнкү тил күнүнө карата уюшулган иш-чарада мектептин 7-классынын окуучулары тил жөнүндө ырларды, биздин байлыгыбыз болгон макал-лакаптарды айтышты деп билдирет.

«Бүгүнкү  тил күнүнө карата биздин мектепте линейка уюшулду. Бул ачылышы болду эми мындан ары тил айлыгы жүргүзүлүп класстар тил жөнүндө изилденишип, дил баян, сүрөттөрдү тартышат»деп билдирет.

20160923_103449

Ал эми мектептин 7-классынын окуучусу Айдана Алтынбек кызынын айтуусунда биз бул тил күнүнө арналган иш-чарага көп убакыттан бери даярданганбыз. Өзүбүз дагы издендик деп төмөндөгүлөрдү айтат.

«Биздин байлыгыбыз болгон тилибизди сактоо ирээтинде бүгүн линейкада тил жөнүндө ырларды, макалдарды жана монологдорду  айттык. Биздин максатыбыз бул өз тилибизди даңазалоо»деп айтып өттү.

Даярдаган:Нурпери Улан кызы, Нуркыз Темиркул кызы

Редактор :Нуржанат Советбек кызы

«Сынак үчүн»Н.С