"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Малдар жайлоодон кандай келди

30 Сентябрь 2016 жыл 18:02
Көрүүлөрдүн саны: 110

Тасмада айыл тургундарынын көбү мал багуу менен алектенишет. Малдарын жайкысын жайлоого жиберишет. Биз быйылкы жылы малдар жайлоодон кандай келгендиги тууралуу сурамжылоо жүргүздүк.

20160907_181713

Быйылкы жылы мал менен жайлоого чыккан Асыпбек Бакачиевдин билдирүүсүндө быйылкы жылы жайлоо суугурак болгондуктан эртерек түштүк. Сууктугунан улам карышкырлар болуп жатты бирок карышкырга алдырган жокпуз деп билдирет.

«Быйыл мен элдин аманаты кой малы менен жайлоого чыгып келдим. Кудайга шүгүр жакшы барып келдик. Бирок жайлоо сууктугуна байланыштуу эртерээк көчүп келдик» деп билдирди.
20160926_170650
Ал эми айыл тургуну Акжолбек Шаршенбиевдин айтымында быйылкы жылы малдары жайлоодон жакшы келгендигин айтып төмөндөгүлөрдү баяндайт.

«Быйылкы жылы малдарым буюрса жакшы келди. Квйтарган кишиге эч кандай нааразычылыгым жок. Бирок эки койум өлүп келиптир. Эмне оору менен оруганын билбейм, алып келери менен жерге көмүп салдым» деп айтып өттү.
20160907_163700
Ошондой эле айыл тургуну Акылбек Турсуналиевдин берген маегинде быйылкы жылы малдар жайлоодон ойдогудай келгенин айтат.

«Быйылкы жылы менин жайлоого кеткен малым буюрса жакшы келди. Айтылган баа боюнча кайтарып келди. Негизи малды кайтарган малчыдан болот. Жакшы кайтарса жакшы келет»деп айтып өттү.

Даярдаган:Нурпери Улан кызы, Канайым Жаныбек кызы
Редактор:Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн»Н.С