"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мектеп окуучулары арасында түшүм майрамы болуп өттү

14 Октябрь 2016 жыл 19:07
Көрүүлөрдүн саны: 138

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде түшүм майрамы болуп өттү. Аталган майрамга 1-класстан 7-класска чейин окуучулар катышышты.

Түшүм майрамдын уюштуруучусу жана мектептин тарбия завучу Баян Дүйшөбаеванын айтуусунда түшүм майрамга окуучулар жакшы деңгээлде өткөнүн, жана эң жакшы даярданган 6-б класс экенин билдирди.

«Түшүм майрам эки күн болду. Кечээ  башталгыч класстардыкы болгон, бүгүн ортонку класстардыкы болуп өттү. Негизинде жакшы даярданышыптыр балдардын фантазиялары күчтүү экен. Бирок эң жакшы даярданган класс бул 6-б класс болду. Эжейи менен биргеликте жакшы фантазияларын жасашыптыр» деп билдирди.


Ал эми мектеп окуучусу Дилназ Үсөнованын билдирүүсүндө түшүм майрам жакшы деңгээлде өткөнүн жана бардыгыбыз биригип өзүмдүк, жемиштерден ар кандай нерселерди жасаганыбыз жакты дейт.


«Быйылкы жылы түшүм да көп болгондуктан. Майрам да жакшы маанайда өттү. Биз ар кандай жемиштерден, өсүмдүк, жалбырактардан күздүн элесин берип тургандай кылып эжейибиз менен бирдикте жасадык. Негизи эле күз мезгили токчулуктун белгиси болгондуктан дастарконду жайнаттык» деп айтып өттү.

Даярдаган: Айдана Саякова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн»Н.С