"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада «Ким?, эмне?, кайда? «интелектуалдык конкурсу болуп өттү

27 Октябрь 2016 жыл 5:06
Көрүүлөрдүн саны: 78

Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде «Ким? , эмне? ,кайда?»атту конкурс болуп өттү. Аталган конкурска 8-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышышты.

Конкурстун жүрүшүндө Алгебра, География, Биология, Физика предметтери боюнча суроолор берилип окуучулар упай топтошту.

Аталган иш-чара мектептин «Аваз»өзүн-өзү башкаруу уюму тарабынан уюшулуп, жеңүүчүлөр громаталар менен сыйланышты.

Конкурс негизи «Аваз» уюму тарабынан уюшулуп, жакшы деңгелде өттү. Уюмда иштегендер конкурс өткөзүүгө суроо дайындап берүүмдү айтышкан. Мен дароо макул болдум деп билдирет Сопиев мектебинин география мугалими Ороз Садабаев.

«Конкурста негизи логикалык суроолор болду. Ошол убакта окуучулар кичине тайсалдашты. Ошондон улам окуучуларды да кызыктырды деп ойлойм. Кээ бир класстар активдүүлүгүн көрсөтүштү» деп билдирди.

«Аваз» уюмунун президенти Айдана Саякованын маегинде бул конкурс негизинде планда бар болчу. Ошол себепте уюшулуп өткөрүлүп жатат дейт.

«Бул конкурстун аталышы «Ким? Эмне? Кайда?. Мугалимдерге айтсакда жактырып, бардыгы кызыгуу менен өттү.Конкурста жеңген топторго громаталар берилди»деп билдирди.

Ал эми конкурска катышкан 8-классынын окуучусу Гүлзар Курманбек кызын билдирүүсүндө интелектуалдык конкурс кызыктуу болду. Ошондой эле окуучулар да кызыгуу менен катышышты.

«Буга чейин негизинде бул сыяктуу  конкурстар боло элек болчу. Бүгүн кызыгуу менен жооп беришти» деп билдирет

Жыйынтыгында 3-орун 8-а класс, 2-орун 8-б класс, 11-класстар биринчи орундарды ээлешти.

Даярдаган: Жазгүл Нурбек кызы

Редактор: Нуржанат Советбек кызы

«Сынак үчүн»