Күз мезгили мол түшүмдүн белгиси. Жыл сайын элдер жазында сепкен түшүмүн күзүндө жыйнап өзүнүн керегине жумшашат. Биз айыл тургундарынан быйылкы түшүмү кандай болгондугу тууралуу сурапжылоо жүргүздүк.
Айыл тургуну Кубан Чекировдун билдирүүсүндө быйылкы сепкен түшүмү начар болуп калганын билдирет.
«Негизи быйыл жаанчыл болгондуктан бөлөк элдердин түшүмү жакшы болду. Мен буудай сепкен элем. Эмнегедир начар болуп калды»деп билдирди айыл тургуну.
Ошондой эле айыл тургуну Бектемир Алматаевдин билдирүүсүндө быйылкы сепкен түшүмүн жакшы жыйнап алганын, жайында кетирген эмгегин актагандыгын айтат.
«Быйыл картошка сепкенбиз анын түшүмүн азыр күзүндө көрүп атабыз. Жазында себип, жайында отоп, суугарып бактык. Эмгегибизди актады. Баасы да бара-бара көтөрүлүп баратат» деп айтып өттү Алматаев
Даярдаган: Жазгүл Нурбек кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн» Н.С