"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада быйыл кар эрте түшсө да айыл элдери кышка дайын

17 Ноябрь 2016 жыл 18:26
Көрүүлөрдүн саны: 96

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Тасма айылында кар эрте түшүүдө деп билдиришет айыл тургундары. Тасмада биринчи кар 26-октябрь күнү жааган. Ал эми экинчи кар 17-ноябрга караган түнү жаады.
20161026_072936.jpg
Айыл тургуну Кадыш Кадыковдун билдирүүсүндө быйыл кар октябрь айынан тарта жаап жатат. Биринчи кар кете электе экинчи кар жаап жатат деп билдирет.
«Биринчи кар негизи эрте жааган. Ал кар кете электе экинчи кар жаап жатат. Бирок түшүмдөрдү жыйнап кышка көмүр, отун дайындап малдын чөптөрүн дайындап койгонбуз»деп билдирет.

Ал эми Тасма айылынын ооруканасынын дарыгери Айгүл Саадабаеванын билдирүүсүндө кыштын эрте түшүүсү биз үчүн көйгөй деле болгон жок. Баардыгын кышка дайындап койгонбуз деп билдирет.

«Кыш октябрь да эле келди. Бүгүн да кар аябай жаап жатат. Ошентсе да кышка дайынданып койгонбуз. Өкмөт да көмүрдү убагында берген кйгөй деле жок» деп айтып өттү.

wp-image-854777779jpg.jpeg

Мектеп окуучусу Айдана Нурбекованын билдирүүсүндө быйыл кар эрте түштү. Бирок мектеп жылуу деп айтат.

«Кыш быйыл эрте келди. Мектепте жылуу окуп жатабыз. Себеби быйыл мектептин терезелери пластик болгон»деп айтып өттү.

Даярдаган:Гүлбайра Кубаныч кызы

Редактор:Нуржанат Советбек кызы

«Сынак үчүн»