"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Чычкан айылда көп болууда

18 Ноябрь 2016 жыл 19:18
Көрүүлөрдүн саны: 98

Күз мезгили келгенден тарта үйлөрдө чычкан көбөйүүдө. Чычкан үчүн айыл тургундары көптөгөн каршы аракеттерди жасашууда.

Айыл тургуну Акылбек Турсуналиевдин билдирүүсүндө быйыл үйдө чычкан жылдагыга салыштырмалуу көп экенин айтат.

«Быйыл күз келери менен үйдө чычкан көп. Чычкан тамак аштарга чейин кирип кетип жатат. Аларга капкан, уу койуп жатабыз» деп билдирди.

Ошондой эле айыл тургуну Назира Айдарбекованын айтуусунда чычкандын көп болуусу кыш катуу болот деген ырымдар бар деп билдирди.

«Быйыл чычкан өтө эле арбын. Аларды жоготконго азыр атайын китепчелер чыкты ошолорду койуп атабыз. Ал эми чычкан ар кандай кирлер менен тамак-ашка чейин кирип кетет»деп билдирди.

Жана айыл тургуну Бектемир Алматаев да чычкан арбын экенин айтат жана кардын эрте жааганы кыш катуу болорун айтат.

«Айылда азыр көп жерде чычкан абдан көп. Аларды өлтүргөнгө жаңы чыккан чаптагычтарды койуп койушат. Негизи кыш катуу болот го. Себеби чычкан көп болсо кыш суук болот деп да айтышат» деп айтты Алматаев

Даярдаган: Гүлбайра Кубаныч кызы, Асел Мамытов

Редактор: Нуржанат Советбек кызы

«Сынак үчүн»Н.С