"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:»Мыкты спорттук үй-бүлө» сынагына 2 жыл катары менен катышкан Алмабековдун үй-бүлөсү

19 Ноябрь 2016 жыл 20:14
Көрүүлөрдүн саны: 38

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Айбек Алмабековдун үй-бүлөсү 2 жылдан бери райондук «Мыкты спорттук үй-бүлө» сынагына катышып келишет. Быйылкы жылы да ийгиликтүү болуп райондо 2-орун алып келишкен.

Үй-бүлөнүн апасы Завира Атантаеванын айтымында былтыркы жылы жана быйыл да барып жатабыз. Былтыр жөн гана жигердүү катышкан болсок,быйыл 2-орунду ээледик деп айтып өттү.
«Былтыркы жылы мектептин дене тарбия мугалими Көчөрбаев агайдын суранычы менен барганбыз. Быйыл да барып 2-орунга жетиштик. Түптө өттү. Ал жакка жолдошум, мен жана кызым менен уулум болуп бардык» деп билдирет.

Ошондой эле үй-бүлөнүн кызы Аяна Айбек кызынын билдирүүсүндө былтыр барганда көп шарттарын билбей орунга илинбей калганбыз. Быйыл баардыгын тез-тез иштеп 2-орунга жетиштик деп баяндайт.
«Быйыл былтыркыга салыштырмалуу жеңил болду. Обруч менен ойноп жарыштык. Эки топту ээлеп,салып жарыштык. Анан эстафеталык оюндар болду» деп айтты.

Ал эми Сопиев мектебинин дене тарбия мугалими Эркинбек Көчөрбаевтын маегинде былтыртан баштап Айбектин үй-бүлөсү катышып келет. Азыр ушул үй-бүлө Түпкө чейин барып орүн алышууда деп баяндайт.
«Былтыр Алмабековтардын үй-бүлөсүнөн суранганбыз, катышып берүүлөрүн. Биринчи макул болушкан эмес. Бирок макул болуп азыр катышып орүндарга илинип келе жатат»деп маек курду.
Даярдаган:Жибек Мелисова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн»Н.С