"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада «Ананай»бала бакчасы ишке берилди

20 Ноябрь 2016 жыл 20:37
Көрүүлөрдүн саны: 84

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында кичине балдар үчүн бакча ачылды.Учурда бала бакча ата-энелер тарабынан каржыланып жатат.

Негизи бала бакча долбоордун негизинде ачылмак. Бирок долбоордун негизинде акча эмики жвлдын январь айында келет. Ага чейин ата-энелер тарабынан каржыланууда.
«Ананай» бала бакчасынын жетекчиси Мадина Абдылдабекованын билдирүүсүндө бакчага келүүсү менен балдар мектепке чейинки билимди алышат. Ата-энелери да жумушта болсо көчөлөрдө кароосуз калгандар да бар деп билдирет.
«Бакчанын ачылуусу менен балдар көп нерсени айырмалоого, сылык мамилеге жана чогу болууга үйрөнөт. Бул жерден чогу ойношот. Мультфильмдерди көрүшөт. Мектепке чейин да дайындалып калат. Учурда 2 жана 3 жаштагы балдар келүүдө» деп билдирет.

Ал эми долбоорду жазган Кундуз Шалтабаеванын билдирүүсүндө бала бакчанын долбоорун жазып, өткөн бирок долбоордун негизинде акча бөлүнүп келе элек. Азыр ата-энелердин колдоосу менен ачылууда деп билдирет.
» Бала бакча азыр ата- энелер тарабынан ачылууда. Долбоордун негизинде акча канчан келери белгисиз. Бакча учурда туалетке жана оюнчуктарга муктаж» деп билдирди.
Ал эми айыл тургуну Анара Султанованын билдирүүсүндө кызыбызды бала бакчага ар нерселерди үйрөнсүн деп жиберип жатабыз. Түштөн кийинки группага барып жатат деп билдирет.
«Кызыбыз бала бакчага барып күндө үйрөнгөндөрүн айтып берип атат. Күнүнө үч саат барып келет. Жеткирип алып кайра алып келебиз. Азыр айына 200 сом төлөп жатабыз» деп айтып өттү айыл тургуну Султанова
Даярдаган: Айдана Саякова, Жибек Мелисова, Касиет Жеңишбекова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн»Н.С