Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында «Ыр кесе» майрамы уюшулабы?деген суроого жергиликтүү бийликтен жооп издедик.
Жергиликтүү бийликтин «Ыр кесе» майрамын уюштуруучусу жана китепканачысы Динара Сыдыкова бизге берген маеги:
Саламатсызбы? Айылда «Ыр кесе» майрамын өткөзүүдө эмне тоскоолдуктар бар?
-Эч кандай тоскоолдуктар жок. Ар бир айылда өткөзүлүшү керек. Бул Кыргызыстандын маданиятын көтөрүүгө эң зор мааниси бар.
Ушул учурга чейин «Ыр кесе» майрамы өткөзүлгөнбү?
— Ооба ар дайым өткөзүлүп келет.
Кайсы айылда өткөзүлөт?
-Үч айылда тең өткөзүлөт. Тасмада, Чоң- Тогузбайда, Токтаянда.
Майрамды алдыда өткөзүү планы барбы
?
-Ооба бар. «Ыр кесе» майрамын Токтаян айылында өткөзүүнү пландап жатабыз. Себеби Тотаянда клуб бар болгондуктан ошол жерде өткөзөбүз.
Өткөзүүгө эмне каражаттар керек?
-Өткөзүүгө көп эле каражаттар керек. Бирок бизде жетиштүү.Ар кандай апараттар, инструменттер, жана формалар керек. Бизде азыр бары бар, жетиштүү.
Маегиңизге чоң рахмат!
Даярдаган: Асел Мамытова, Жибек Мелисова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн» Н.С