"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада 1-класстар «Б, б» тыбышы боюнча ачык сабак өтүштү

21 Ноябрь 2016 жыл 13:26
Көрүүлөрдүн саны: 168

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы мектебинде 1-класстардын катышуусунда ачык сабак өтүлдү. Сабак кичине бөбөктөр менен өтүлгөндүктөн кызыктуу болгонун айтышты.

Ошол эле мектептин башталгыч класстардын мугалими Элзат Эсенгелдиеванын билдирүүсүндө башталгыч класстар жана анын ичинде 1-класс менен өткөнүбүз кызыктуу болду деп билдирет.

«Сабактын максаты негизинде «Б,б» тыбышын үйрөнүп, так айтууга жана жаңы сөздөрдү да үйрөнүшөт. Сабакта окуучулар активдүү катышышты» деп билдирди.

Ал эми 1-классынын окуучусу Сайора Шаяхматованын билдирүүсүндө ачык сабак өткөн кызыктуу болгонун айтып өттү.

«Биз бүгүн «Б, б» тыбышын өттүк. Сабак кызыктуу болду. Мугалимдер келип сабак өткөнүбүзгө катышышты» деп айтты ал.

Ал эми мектептин мугалими жана сабакка катышкан Айнура Кайкиеванын маегинде балдар сабакты абдан жакшы деңгээлде өтүштү. 1-класс болсо да тартынбастан так айтып, так сүйлөштү дейт.

«Бүгүнкү 1-класстардын окуучулары өткөн сабак эң жакшы деңгээлде өттү. Баардык усулдарын сабактын жүрүшүн кызыктуу кылып дайындаптыр мугалими» деп билдирди Кайкиева

Даярдаган: Гүлбайра Кубаныч кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
«Сынак үчүн»Н.С