"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

 Чоң-Тогузбайда драма коюлду 

9 Декабрь 2016 жыл 21:49
Көрүүлөрдүн саны: 111

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы №29 жалпы орто билим берүү мектебинде окуучулардын күчү менен даярдалган “Закым кубалаган балдар” аттуу драма коюлду.  
Ак-шоола драм кружогунун жетекчиси Наргиза Шаршебекова эженин айтымында  бул кружокту ал мектепке жаңы мугалим  болуп келген кезинде тапшырышкан деп айтып өттү:

whatsapp-image-2016-12-12-at-17-31-59
“Келгенде мен көрүнгөн баланы ала берген жокмун ага кылдаттык менен мамиле жасап ага атайын жөндөмдүү балдарды тандап алар менен иш жүргүзө баштадым. Ар бир окуучуга өзүнчө мамиле керек. Ролду  берип коюш эмес ага артынан сала түшүп ролго  көндүрүп  алар менен иштөө керек. Эң  биринчи биз Кыял Асаналиеванын “Закым кубалаган баладар”  аттуу драмасын мектеп окуучуларына койдук андан кийин Түптөн экинчи орунга ээ болдук. Бул көргөзмө  элге тарбиялык мааниси чоң ”

whatsapp-image-2016-12-12-at-17-32-10
Ак шоола кружогунун мүчөсү Нуриза Сакбаеванын айтымында ролду ойнош жеңил болгон жок, толкунданып, бирок баары бир жакшы аткарганга аракет кылдым дейт :

“Мен ата-энесинен эрте ажыраган кыз тагдырдын ысык-суугуна куйгөн кыздын ролун жараттым. Ал кыз кичи кезинде ата-энеси менен машинада кетип бара жатып жол кырсыгынан ата-энеси каза болгон. Өзүнүн  буту баспай агасынын колунда жашап келет, байкеси жана эки көчө баласы менен канализацияда жашайт. Алар  элден көп уруш жеп жашоосу абдан таттал”

whatsapp-image-2016-12-12-at-17-32-43 whatsapp-image-2016-12-12-at-17-32-49

Драманын көрөрманы Алина Жапарованын айтымында бул драма балдарга көчө балдары биздей эле адам экенин көргөзө алгагдыгын жана драма балдардын ар бир ролу төп келишет мүнөзүнө деп билдирет:
“Драмада балдар ата-энесин кандай баалашы жана ата-эне балага кандай мамиле жасашы керегин көрсөтөт.Мындан арыда мындай тарбиялык мааниси чоң драма күтөбүз”,- деп айтып өттү Жапарова.

Даярдаган:Айпери Темирканова Редактор:СалаватЖангабылов

Телефондон жазылды