"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбайда муз аянтча ачылды

14 Декабрь 2016 жыл 15:53
Көрүүлөрдүн саны: 106

Загрузка
Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында муз аянтчасы  ишке кирди.
Бул муз аянтча айыл тургуну Курманбек Исаков тарабынан ачылган.

Муз аянтчасынын ээси Курманбек Исаковдун айтымында  бул аянтчаны каражат табып жана жаштарды кышкы спортко таартуу учун ачканын айтып өттү.

“Мен бул муз аянтчасын ачканда колдоо көрсөткөндөр жана терс сын-пикир айткандар да болду.Бул жер элдики ,эмне үчүн акча төлөшүбүз керек  деп өзүзүнүн  конькилери менен келгендер нааразы болууда. Биз эмне үчүн акча алабыз? Себеби биз музду  түздөп , жарык алып келип ,үстүн тазалап турганыбыз үчүн акча алам. Саатына 50 сом ,ал эми конькиси  барларга күнүнө 20 сом деп билдирди”-Исаков

Загрузка
К.Мамытов  атындагы №29 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучусу Азиза Бейшекееванын айтымында  муз аянтча  ачылгандан кийин коньки тебүүнү үйрөндүм дейт.

“Бул жактын ачылганы жакшы болду  .Анткени мен досторум менен келип бул жактан убактымды жакшы өткөрөм.Мен коньки тебүүгө кызыгып калдым.Муз аянтчасын ачкан Курманбек абага рахмат”- деп айтып өттү Бейшекеева.

Курманбек Исаковдун жардамчысы Улан Азизовдун билдирүүсүндө муз аянтчасына көп адамдар келүүдө деп билдирди.

“Бул муз аянтчага келген  айыл тургундары жакшы эс алып ,көңүл ачып кетүүдө.Жана ошондой эле кышкы спорт менен өз ден соолуктарын чындап жатышат”-деп билдирди Азизов.

Загрузка
Даярдаган:Ая Кендирбаева,Нуриза Муратбек кызы

Редактор:Салават Жангабылов

Сынак үчүн

Телефондон жазылды