"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мектептин күндөлүгү жарык көрдү

18 Декабрь 2016 жыл 8:49
Көрүүлөрдүн саны: 118

Тасма айылынын Асан Сопиев мектебинин №19 жалпы орто билим берүү мектебинде жаңы күндөлүк ишке ашты. Күндөлүктө мектептин атын алып жүргөн Сопиев агайдын өмүр баяны берилген

Аталган мектептин китепканачысы Жамиля Ашырбаеванын айтымында
“Бул күндөлүкө болгон көз карашым түз, күндөлүк жакшы деңгээлде чыгарылган. Мурдагы күндөлуктөр арбашка эле.Ал эми азыркы жаңы күндөлүктөрдө мектебибиздин тарыхы,Сопиев агайыбыздын өмүр баяны жана сүрөтү коюлган.Мага бул жаңы күндөлүк мурункуга караганда жакшыраак болду деп ойлойм.”
Ошондой эле Сопиев мектебинин биология мугалими Сален Сопиевтин мындай дейт:
“Бул күндөлүктүн чыгышына жыл өткөн сайын окуучулар мектеби аталган Асан Сопиевтин атын унутууда болуп жаткан анын өмүр баянын билбей баратканына байланыштуу жана бул мектепти кимдин күчү менен курулганын билбей жаткандыгына байланыштуу. Ошондуктан өмүр баянын биринчи бетине чыгарууга туура келди.Асан Сопиевдин элесин билип жүрүшсүн деп сүрөтү менен кошо койдук.Күндөлүктү чыгарууда өзгөчө мугалимдердин салымы күчтүү.Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Өмүрзакова Назира жана география мугалими Садабав Ороз жана башка класс жетекчилер. Күндөлүктүн чыгарууда класс жетекчилер өзүлөрүнүн аракеттерининжасашты.Б ул күндөлүктү чыгарууда баардык класс жетекчилердин салымы зор. Күндөлүк биринчиден өзүнү ордун тапты. Күндөлүктү чыгарууда өзгөчө Назира менен Ороздун маршурттук баракчаны чийгени,ата-энелер менен болгон баарылашуулар бирге кеңшип туруп анан чыгардык.Тасма айылынын картасы жайгашкан,мындан сырткары ата-энелердин милдеттери,окуучулардын милдеттери жазылган”.
Сопиев мектебинин 9-классынын окуучусу Калия Болот кызы жаңы күндөлүк ыңгайлуу экендигин билдирди:
“Күндөлүк мурун ар кандай болчу.Азыр күндөлүктүн сырттары окшош жакшы көрүнөт.Мага бул күндөлүк аябай жакты. Асан агайдын өмүр баянын так биле алдык .Мурунку күндөлүктөрдүн барактары ар кандай эле кээбирде окуу жылы бүткөнгө чейин жетпей калчу”.

Даярдаган:Бакберген Албанбай уулу, Гүлзар Курманбек кызы.