"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбайда жаңы үлгүдөгү компютер жана принтер тапшырылды

21 Декабрь 2016 жыл 16:33
Көрүүлөрдүн саны: 99

Ысык-Көл облусунун Түп районун Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы №29  жалпы орто билим берүү мектебине
жаңы үлгүдөгү компютер жана принтер айыл өкмөт тарабынан тапшырылган.

Карасаев айыл округунун башчысы Курманбек Кайыков мындай деп билдирди мектепке компютердин келгенинин себеби айылдын бюджетинин эсебинен 75 миң сомго 3 мектептерге компютер бүт жабдыктары менен бердик.

«Мындай иш чаралар даагы болот.Мисалы: Менин агам Орозобек Кайыков өзүнүн демилгеси менен үч мектепке он компютер,бир доска,он стол баардыгы 30 компютер, 30 стол,үч доска,үч  проектр берилет. Өсүп келе жаткан муундарга жакшы тарбия берүү үчүн Карасаев айыл окуругунун үч айылына берилет »

Кубанычбек Мамытов мектебинин деректору Эркинбек Садыровдун айтымында ал Карасаев айыл өкмөтүнө ыраазычылыкгын билдирет.

«Карасаев айыл округу тарабынан мектепке бир даана компютер белек катары берди.Бул компютердик долбоор сыяктуу дагы долбоорлор боло берсин»

Мектеп окуучусу Салават Жангабылов мурун эски копютерлер болгон үчүн көп праграммалар менен иштей алчу эмесбиз дейт ал.

«Жаңы үлгүдөгү компютерлер мектепке келип атат алдыда мындай иш чаралар болуп турат деп ойлойм.Негизи эски компютерлерди көбү иштөчү эмес.Эми айыл өкмөт тарабынан жаңы үлгүдөгү компютер келди.Эми жакшы колдонуп көп нерсени үйрөнөбүз деп ойлойм»-деп сөзүн аяктады ал.
Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы
Редактор:Салават Жангабылов

Сынак үчүн

Телефондон жазылды