"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тагузбайдын мал доктуру Марсбек ава 

23 Декабрь 2016 жыл 19:22
Көрүүлөрдүн саны: 114

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын мал огдуру Марсбек Токтосунов айылга салым кошуп,өз кесибин 15 жылдан бери аркалап келет.

Айылдын мал докдуру Марсбек Токтосуновдун  айтымында төрт жылкы окуумду акташ үчүн,15 жылдан бери  мал доктур болуп иштеп келемдеп айтып өттү ал.

«Мен өз кесибимди 15 жылдан бери аркалап келем. Ошонун ичинен 5 жыл Түп районунда Чоң-Тогузбай айылында жеке вед адис болуп иштейм. Элге колумдан келген жардамымды тийгизип келе жатам. Мен өз кесибимди чеберимин деп эсептебейм себеби мал ооруган жерин айтпайт ошондуктан баарын эле биле албайм,кээде кемчиликтер болот. Бирок ошого карабастан колдон келгенин даарылап, айыктырып келем. Бизде алдын ала профилактикалык жол менен эмдөө жүргүзүлүп турат жаз,күз. Убагында вакцинация жасап турам.          Элдерге бала-бакырага жукпасын деп башкача айтканда элдин да саламаттыгына кам көром. Элдин ден-соолугу сак болсун деген ой менен эмгектенип келе жатам. Мен өз кесибимди аркалаганымдын себеби төрт жыл окуган эмгегимди өз кесибим боюнча актайын деп жүрөм. Мен өз кесибимди суйөм»–,деп өз сөзун аяктады Токтосунов Марсбек ава

Марсбек аванын жубайы Эркингүл Серенованын айтымында ал жолдошун дайма колдоп жүрөрүн айтып өттү.

«Жолдошумдун кесибине мен кичине болсо да көмөк көрсөтүп келем. Мисалы көчө кыдырып малга вакцинация кылсак чогу барып жардамдашам,кан алсак,малдарга даары таратсак чогу жүрүп иштешем. Опись жазам,отчёт беришем чогу жүрөбүз дайыма. Жолдошумдун кесиби үйүрбүзгө өтө чоң ойрондуу орчундуу деле киреше алып келбейт. Себеби Кыргызанда көпчүлүк эле мал догдурлар жеке ишкер болушат ошондой эле жолдошум да жеке ишкер анан мамлекет эч нерсе төлөбөйт элден чогулган акча менен эле күнүмдүк турмушубузду көрүп келебиз. Жолдошум экөөбүз 31 жылдан бери түтүн булатып келебиз. Алты баланын ата-энеси болуп,аларды окутуп,өстүрүп,чоңойтуп,үйлөнтүп, жайланттык. Бир гана кичүү балабыз үйлөнө элек. Неберелерибиз бар. Жолдошум экөөбүз алардын жыргалын көрүп жүрөбүз. Жашоо турмушубуз жакшы»-дейт жубайы Серенова

Айыл тургуну Мирлан Мамытовдун айтымында айыл мал доктуру дайма өз ишин убагында аткарарын билдирди.

«Мурунку мал догдурлар убагында малды карабай коюшкан ошонун натыйжасында көп малдар шарптан өлуп калган. Элдин демилгеси менен Марсбек абаны шайлап алганбыз. Биздин ишеничибизди актап убагында алты ай сайын кан алынып жатат,вакциналар куюлуп жатат бурцелёз деген оорудан арылдык. Ал эми мурунку мал догдурлардын убагында малдар текшерилбей калып,айылдан көп оорулар чыккан. Марсбек аба өз ишин жакшы алып барууда. Бир нерсе болсо убагында келип турат. Бир койубуз ооруп жатса да чакырабыз. Малга убагында даары берип,укол сайып турат. Азыркы убактта Марсбек аба тендер утуп алды. Ал тендрга штакетиник жасатты чоңдугу бир короо кой батчудай. Эми жайлоого чейин барып малды дарыласа болот. Бул да айыл учун чооң салым. Марсбек абага ийгилик каалайбыз»-деди Мамытов

Даярдаган:Айпери Темирканова

Редактор:Салават Жангабылов

Сынак үчүн

Телефондон жазылды