"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбайда үркүн тасмасы коюлду

24 Декабрь 2016 жыл 17:29
Көрүүлөрдүн саны: 99

Ысык-көл облусунун Түп районуна карашту Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде үркүндүн 100 жылдыгына карата үркүн  тасмасы коюлду.

Ак суу районунун мамлекеттик кино деректору Талантбек Исмайиловдун айтымында бул тасма окуучуларга сабак катары көргөзүлдү.

«Үркүн тасмасы тарыхый тасма ,үркүндүн 100 жылдыгына тартылган.Ошол каргашалуу окуяда шейит кеткен ата-бабаларыбыздын жаркын элесине арналган тасма.Азыркы убакта Ысык-Көл районунун жерлерине коргозүлүүдө.Бул тасманы колдун жигити Медин Ускеев деген жигит тарткан.Бул тасма Жети -Өгүздүн Көк жайыгында,Кырчын жайлоосунда,Жууку капчыгайында жана Баткен жергесинде тартылган.Бул тасма окуучулардын патриоттук сезимине жана мекенди сүйүп, ата-бабалардын басып өткөн жолдоруна кичине болсо дагы көз караштарын өзгөртүүгө тартылган тасма деди ал».
Кубанычбек Мамытов атындагы мектеп окуучусу Мыскал Арунова мага бул тасма чоң таасир берди деп айтып өттү.

«Бул үркүн тасмасы мага абдан чоң таасир калтырды.Бул тасмада биздин ата-бабалардын басып өткөн жолун чагылдырган тарыхый тасма экен.Мен бул кинодон өзүмө керектүү көп тажрыйба топтой алдым.Тасма эң мыкты деңгелде тартылыптыр.Мага бул тасма жакты»

Мектеп окуучусу Айсалкын Жумашованын айтымында кыргыз эли улуу эл экенине  чын жүрөктөн ишендим дейт ал.
«Биз бүгүн үркүн тасмасын көрдүк.Бул кинодо ата-бабалардын көргөн кордугун чагылдырган тасма экен.Тасма ойлоп табылгын эмес,бул болгон окуя.Биздин мектепке көп эле тасма келген,бирок бул тасма мага өзгөчө жакты.Мектепке даагы көп тасмалар келишин каалайм»-дейт Жумашова.

Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы

Редактор: Салават Жангабылов

Сынак үчүн

Телефондон жазылды