"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада бөбөктөр аяз атадан белек алышты

8 Январь 2017 жыл 12:10
Көрүүлөрдүн саны: 146

Тасмада 31-декабрь күнү «Нур FM» ЖМБ жаш балдар үчүн майрам уюштурду. Жаңы жыл күнү алар аяз ата жана аяз кыздын колунан белектерди алышып, алар менен бирге сүрөткө түшкөнгө мүмкүнчүлүк болду.
Уюштуруучулардын айтымында алар алдына ала кулактандыруулар аркылуу ата-энелерден буйрутмаларды алып, белек алуучу балдардын тизмесин аныкташкан. Уюштуруучулардын бири Айгерим Кубатбекова төмөнкүлөрдү айтты:
“Биз бул иш чаранын жаңы жыл алдында балдардын маанайларын көтөрүп, аларга майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурдук. Алгач аяз ата үйүнө келүүсүн каалаган ата-энелерден акча алып 200сомдон ал акчага белектерди сатып алдык. Жаңы жыл күнү кечинде аяз ата, аяз кыз жана кабарчы ыктыярчылар менен барып белектерди тартуулап кеттик.”-деп билдирди Кубатбекова.
Айыл тургуну Элнура Дубанаеванын айтымында аяз атаны келгени балдары үчүн күтүүсүз жана кубанычтуу болгон.
“Кыздарым абдан сүйүнүштү ыр айтып берип белек алышты. Уюштуруп жатканынарга чоон рахмат. Жаңы жылыбыз жакшы жылдардан болсун. Силерге ийгиликтерди каалайм”-деди Дубанаева.
Нургул Ажыбекова дагы айылдашын колдоп бул иш-чара эң соонун болгондугун айтып берди.
“Аяз ата келгенине балдарым абдан сүйүнүп ишенип калышты, алып келген оюнчуктары менен азыркыга чейин ойноп мактанып жатышат. Мен ойлогом 200сом жөн гана келгенине го деп ага ы белек алып келгениңерге рахмат. Аяз ата мага дагы күтүүсүз болду кайсы киши эле деп тааный албай калдым, кызыктуу болду. Эмки жылы дагы ушундай уюштууруунарды каалайм”-дейт Ажибекова.
Айыл тургундары бул иш чарага ыраазы болгондорун айтышып, айыл элине жакшы жаңылыктарды киргизип жатасыңар деген ойлорун билдирип. Мындан ары дагы мындай иштерди уланткыла деген пикирлерин айтышты.
Даярдагандар: Чынтурсун Турдуматов.
“Смартфон үчүн сынакка”