"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Суу түтүкчө Тогузбай айылынын элине кызмат кылат

10 Январь 2017 жыл 19:28
Көрүүлөрдүн саны: 214

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында элдин тилеги менен  суу түтүкчөсү орнотулган.

Таза суунун  бугалтери Зейнегүл Баякунова эженин айтымында бул суу түтүкчосү элдин ден-соолугу чың болсун деп ачканбыз деди ал.
«Бул суу түтүкчосү 2014-жылы арабдардын колдоосу менен ишке ашкан буравайтетилип. 2015-жылдан бери биз таза суу ичип келе жатабыз. Таза суу бул элдин мүдөөсү ден-соолугубуз чың болуш үчүн таза суунун кириши айылга абдан жакшы болду. Муну менен элдин ал сезими өстү. Андан кийин проектиге ашырылып Швейцариянын колдоосу менен суу түтүкчө салынды 504 миң сомго. 90 миң сом айыл өкмөттүн өнүктүрүү фондусунан беришкен. 594 миң сомго проект жазылып старушка жана айылдын чет жактарындагы суу жетпеген жерлерге суу түтүктөрүн тартуу дагы ишке ашты. Азыркы кездеги суу түтүкчөбүздүн тегерегине курчоо керек. Бул нерсеге проекти керек аны донорлордун колдоосу менен курчоо керек бул биринчи маселебиз. Экинчиси бочканы бийигирээк көтөрүү керек элдерге толук суу житиш үчүн. Үчүнчү маселебиз бактерашитный лампа коюлушу зарыл. Бул нерсенин баарын жакында ишке ашырабыз деп ойлойм. Дагы маселебиз таза сууну үйлөрүнө киргизүүсү. 70% үйлөрүнө киргизип бүттү ал эми 30% көчөдөн ташып ичүүдө. Үйүнө киргизген кишилердикине водомер орнотулушу керек. Чогулуштарда айтып жатбыз тех условиясына жана водамерине 3000 сомдон чогултуу керек деп ар бир түтүн. Ошонуну натыйжасында ар  бир үй сууну үнөмдөп, этияттап колдонот жана өз керегине жумшайт. Мисалы канча суу жумшаса ошонун гана акчасын төлөйт. Антпесе элдер ар кимиси ар кандай сууну урунулат. Азыркы кездеги водокачкабыздын абалы жакшы»-деп өз сөзүн аяктады Зейнегүл эже.

Ал эми Чоң-Тогузбай айылынын айыл башчысы Урмат Жортучиевдин айтымында суу бул элдин эң биринчи байлыгы экенин айтып өттү .

 

Айылда суу түтүкчөсү орнотулганга чейин суу жагынан өтө оор болгон,Тасма айылы менен бирдикте таза суу ишчүбүз бирок толук камсыз бодчу эмесбиз. Мындан сырткары элдин көпчүлүгү ар кайсыл жерлерден суу алып ичишчү ылай суудан кудуктардан. Муну менен элде өтө чоң кыйынчылыктар жаралган. Бул вокачканын турганы элдин ден-соолугу. Азыркы учурда водокчканын пайдасы өтө зор элдер толук таза суу менен камсыз болду. Мындайча айтканда «Артезиян таза суу» деп аталат Араб элдеринин өкүлдөрү аркылуу чыгарылган мындан сырткары Канимет Жонкорозовдун салымы чоң. Азыр элге таза суу киргени элдин ден соолугу оңолду жакын арада  муздак жана таза суу киргизүүнү ойлоп жатабыз. Бул эң биринчиден аял кишилердин ден соолугуна жакшы болду ошондой эле балдарыбыздын. Үйгө ысык суу кирсе  балдарыбыз дайым ысык суу менен жуунуп турса ичкени таза суу болсо аябагандай жакшы болот. Азыркы учурда таза суу баарына жеткиликтүү суу түтүкчөсү толук кандуу иштеп жатат»-деди Урмат Жортучиев.

Айылдын  тургуну Мадина Эсенгелдиеванын айтымында суу кышкы убакта тоңуп калууда.
«Биздин айылда таза суу чыкканга чейин аябай кыйналганбыз. Мисалы таза суу алуу үчүн биз ата энелерибиз менен барып каналдан же кайнардан алып келчүбүз. Каналдан алынып келинген суу болгондуктан аябагандай кир суу болчу аны биз тундуруп бир нече жолу сүзүп чыпкадан өткөрүп ишчүбүз. Эми бизге таза суу киргени биз таза суу ичип алыс жерлерден суу ташыбай калдык. Водокачканын жакшы пайдасы тийип жатат. Бирок суунун бочкасы ылдый болгондуктан мисалы биз жака суу кичине өлчөмдө келүүдө. Ушул маселени чечип берсе жакшы болмок»-деп айтып өттү Мадина Эсенгелдиева

Даярдаган:Айпери Темирканова
Редактор:Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды