"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбайда “ызылдак”  көрсөтүүсү болуп өттү.

14 Февраль 2017 жыл 13:30
Көрүүлөрдүн саны: 100

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын  Кубанычбек Мамытов мектебинде Жумабек Осмоновдун  “Ызылдак” көрсөтүүсү болуп өттү.

Ысык-Көл  областынын Касмымаалы Жантөшев атындагы драм театрдын  актеру Руслан Касымов
Бул көргөзмө “ыйман,адеп жана маданият” жылына карата коюлду деп билдирди.
“Бун негизи Жумабек Осмоновдун балдарга арнап жазган “Ызылдак”деген чыгармасы.Бул чыгарма коюлуп атканына үч жыл болду.Эми мынтип Туп районун кыдырып коюп жатабыз, себеби быйыл президенттин жарлыгы менен “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялаганына карата балдарды таалим тарбияга чакыруу максатында мектептерди кыдырып коюп жатабыз.Мен бул жомокто ызылдактын рольун аткардым Бул чыгарманын балдарга тарбиялык мааниси чоң деп ойлойм.Балдарды ыймандуулукка, адептүүлүкө, маданиятуулукка үйрөткөн чыгарма сиздердин мектепте коюлду”-деп билдирди Осмонов.

Кубанычбек Мамытов атындагы мектептин окуучусу Бакберген Ишеналиевдин айтуусунда жомок мага абдан жакты дейт.
“Бул жомоктон мен өзүмө тарбия ала алдым .Жомок мага абдан жакты .Каармандар мага чоң таасир калтырды.Каармандар мыкты ойнойт экен.Келечекте мен да мыкты актер болуп балдарга эң жакшы маанай тартуулагым келет”

Кубанычбек Мамытов атындагы мектептин  8-классынын окуучусу Азиза Кеңешбек кызынын айтымында бул чыгарманы жомок каармандары эң мыкты ойноп беришти дейт
“Бул чыгарма балдарга таалим тарбия берүү максатында болду . Мен бул чыгармадан өзүмө керектүү көп нерселерди ала алдым. Биздин мектепке ушундай көрсөтүүлөр көп келип турса жакшы болот эле.”-деп айтып өттү.

Даярдаган:Ая Кендирбайева,Нуриза Муратбек кызы.

Редактор:Салават Жангабылов.