"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбайда көк бөрүү оюну болуп өттү.

15 Февраль 2017 жыл 21:31
Көрүүлөрдүн саны: 110

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү.

Тогузбай камандасынын капитаны Каныбек Муканбетовдун айтымында бул көк борү оюну абдан кызыктуу болду адамдардын ден соолугуна эң эле пайдалуу дейт ал.

«Бул оюн ай сайын айылдарда өтүп турат . Көк бөрү оюнун Чон-Тогузбай тургундары уюштурду.Демерчүүлөргө ыразычылыгымды билгизем.Бул оюнду уйуштууруга 12-13  миңдей сом кетти»-деп билдирди Муканбетов.

Бул оюндун катышучусу Мурат Жайсамбаевдин айтымында көк бөрү оюну илгертен келе жаткан оюн ,улуттук оюнга айланып калган деп билдирди ал.

«Бул көк бөрү абдан жакшы жана адам баласынын ден соолугуна пайдалуу физикалык жагынан көк бөрүнүн касиетти чоң,анткени көк бөрү оюнун да адам баласынын болгон тулку бой мучөсү менен физикалык эң күчтүү жагына кирет. Бул оюн мага абдан жакты. Бүгүнкү оюнга алты команда келди Бул оюнга ар кайсы айылдардан жигиттер келди.Бул көк бөрү оюнуна көп эле адам катыша бербейт мунун түшүнүгү эң эле терен.Чон оюндарда төрт-беш орун берилет айыл жергесинде үч местага чейин болот байгелери биринчи-оорун 5000 экинчи-оорун 3000 үчүнчү-оорун 1000берилди….Мен 20жылдан бери көк бөрү оюнун ойноп келем дейт»Жайсамбаев

Көк бөрү оюнунун көрүчүсү Майрамбек Сурановдун айтымында бардыгы алты команда ойноду оюн кызу жүрдү деп айтып өттү ал.

«Бир команда да 12.13 оюнчу ойнойт. Оюн мага абдан жакты.Биринчи орунду Ичке-Суу командасы алды,экинчини Арал командасы алды ,үчүнчүнү болсо Чоң-Тогузбай командасы алды»- деп билдирди Суранов

Даярдаган:Нурзада Бекенова

Редактор:Салават Жангабылов